Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:39

ПАЙГАМБАР МЕНЕН ПАДЫША


Жакында Британиянын Стэндфорд университетинин тарыхчысы Роберт Крюстун "Пайгамбар жана Падыша" деген китеби жарык көрдү. Анда байкоочулардын айтымында, тарыхчы Россияны 18-кылымда башкарып турган Eкатерина Экинчинин өлкөнүн мусулман калкын өзүнө тартуу саясатын иликтеп, ал саясаттын азыркы сaясат менен шайкештигин сөзгө алууга аракеттенген. Тарыхчы Крюстун айтымында, императордун мусулман калкы тарабынан колдоого алынышы империянын узак мөөнөткө өмүр сүрүп, туруктуу болушуна салым кошкон.

1762-жылы тактыга отурган Eкатерина Экинчи Россиянын эбегейсиз аймагында туруктуу абалды орнотууга кам көргөн. Ан үчүн ал Россиянын православ чиркөөсүнө башка диндеги калктарды христиан динине күч менен өткөрүү практикасын токтотуусун талап кылып, диний сабырдуулук менен плюрализмди киргизген. Муну менен падыша империянын чет-жакаларындагы улуттардын Россияга каршылык көрсөтүүсүн баскысы келген.

Тарыхчы Роберт Крюстун айтымында, айтууга жеңил болгону менен өз динин гана тааныган эл ичинде бул иштин өтөлүнө чыгуу абдан эле кыйын болгон. Түрк Осмон империясынын тарыхын изилдеп чыккан император ал иш үчүн атайын тандалып алынган молдолор менен бакшыларга айлык акы төлөгөн. Андай диний лидерлер Россиядан айлык эле алып тим болбостон, Орус бийлигинин абройу менен күчүн пайдалана алышкан.

-Православ христан динине табынбаган жарандарды куугунтуктоо баш аламандыктар менен каршылык көрсөтүүгө алып келе турганын өзүнөн мурдагы императордун саясатынан баамдаган Eкатерина Экинчи мындай аракеттерден баш тарткан. Eкатерина андай репрессиялар империянын түзүмүн татаалдантып, башкарууну кымбаттатып жатканын да баамдаган,- деп жазат тарыхчы Роберт Крюс.

Сөзүн улантып, тарыхчы Eкатерина Экинчинин тушунда жергиликтүү талаштардын айрымдарын Россиянын жогорку бийлигине кайрылуу аркылуу жөнгө салуу мүмкүн болгонун кошумчалайт. Ан үчүн талашка тартылган тараптар жергиликтүү полицияга кат менен кайрылып, полиция ал катты губернаторго, губернатор баш калаага жолдочу. Россиянын жогорку бийлигинде каралып, териштирилген соң чечим ошол эле жол менен кайра кат ээсине жеткирилчү, деп баяндайт тарыхчы.

Бирок Россиянын ал кездеги тажрыйбасы азыр колдонууга жарабайт. Андай болгондо негизги мыйзамдын мамлекет менен диндин бөлүнгөндүгү тууралуу жобосу бузулат.

Бирок ошого карабастан тарыхчы Крюс Eкатеринанын тушундагы структуралар кийин советтик убакта түзүлүп, Советтер Союзу кыйраган соң эгемен жумурияттарда сакталып калганын белгилейт. Мындай түзүлүштөр чет элдик динаятчылардын, мисалы, Сауд Арабия жана Пакистандын диний таасирин азайтууга жана жергиликтүү динаятчылардын таасирин көбөйтүүгө жардам берет, деп белгилейт автор.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG