Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

АПАС ЖУМАГУЛОВ: ОРУСИЯДАГЫ ЭМГЕК МИГРАНТАРЫ ҮЙҮНӨ ҮЧ АЙДА 100 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ЖӨНӨТҮП АТЫШАТ


Кыргызстандын эгемендик майрамынын алдында Москвада «Азаттыктын» суроолоруна Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым жана атайын элчиси Апас Жумагулов жооп кайтарды.

-Элчи мырза! Бүгүн Кыргызстандын күңкорсуздукка жеткен күнү майрамдалып атат. Сырттан көз салуучулар 15 жыл ичи мамлекет саясий-экономикалык өзгөрүүгө дуушар болду. Анын мындан аркы бара турган жолу демократиялык кайра жаралууда, бирок Кыргызстандын экономикасы чабал ошондуктан кыйыр түрдө ири мамлекетер алдында анын көзкарандылыгы кала берет. Саясий дымагы ага жараша болот дешет.Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы алакада ушундай таасир бар деп ойлойсузбу? Болсо анын натыйжалуулугу эмнеде?

- Сиз айткан ойлор болбой койгон жок. Орусияда да өзүбүздүү республикада да болсо керек. Кечээ эле союзда ишибиз жакшы эле, бирок эгемендүүлүккө жеткени кыйын акыбалга душар болдук мындан ары жашай албайбыз деген өзүбүздүн эле ичибизде кишилер айтышкан. Ал эми бул мамлекет чакан экен, ал биздин жардамыбыз тийбей жашап кете алабы жокпу деген ойлор бардыр. Эмне ой болсо ошондой ой болсун. Биздин максат – иштеш, мүмкүнчүлүгүбүздү колдонуш, байлыгыбызды элдин алдына салып, өзүбүздү өзүбүз багып, эгемендүүлүгүбүздү кармап калыш. Мындан ары өздөштүрүп кетиш. Негизги маселе ушунда. Мүмкүнчүлүгүбүз бар. Аз эмес!

Бул маселени көп угуп жүрөмүн. Бул - кичинекей өлкө. Булар бары бир бизге келет. Өз алдынча жашай албайт. Россияга келбесе Казакстанга барат. Өзүбекстанга барат же дагы бир өлкөгө дешет. Ошолордун жардамы менен гана жашай алат деген сөздөр майда мүдөөлүүлөр оозунан чыкчу сөздөр болот. Бул туура эмес. Биз – илгертен бери жашап келе жаткан калкпыз. Кыргыз эли болобуз. Күчүбүз бар. Намысыбыз бар. Байлыгыбыз бар. Биздин байлык жанагы билимдүү кыргыз эли. Сабаттуу Кыргызстанда жашагандар. Ошондуктан кудай берген байлыгыбызды, кудай берген жерибизди жакшылап пайдаланып, элибизди жер каратпай эгемендүүлүктү катуу кармап, элдин башка өлкөлөр катарында биз деле мамлекет болуп кете алабыз. Эч кандай мындан шек саноо болбошу керек.

Дүнүйөдө өлкө өз алдынча жангыз жашап кеткен эмес. Ошондуктан Орусия менен да байланышта болушубуз керек. Казакстан менен, Өзүбекстан, Тажикстан, Түрмөнстан менен, Индия мене Кытай менен кошуналарыбыз менен ынтымакта жашабыз керек!

-Кийинки дайын болгон маалыматта кыргызстандык калктын эмгекке жарамдуу 20 пайызы элинен алыста акча табыштын артында экен. Орусияда быйылтан тартып аларды өзүнө атуулдукка алуу башталды. Сиз ушул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Мен биринчиден Кыргызстандан ушул жерге жумуш издеп келгенибизге абдан өкүнөмүн. Бирок шарт ошондой болуп аткандан киийн муну деле жаман дешке болбойт. Өзүбүздө убакытлуу кыйынчылык болгондуктан иш жок болгондуктан бул жерге келип өзүн багып, эне-атасын багып, акча тьаап республикага барып үй жай салып күн көргөнүнө биз кордонбошубуз керек! Миграция деген иш жер жүзүндө болуп туруучу иш экен. Бир убактарда Европадан Америка, Аляскага кетип атышпады беле? Муну жаман дебеш керек. Былтыр расмий тизмеге алынгандары 16 жарым миң кыргыздар Орусияга келген. Тизмеге алынбагандары 300 миңдин тегерегинде дешет. Жакшы жагы келип иштеп, өзүн багып элине жардам берип атат. Жаман жагы – булар учурап аткан кыйынчылыктар. Экономикабыз өcсө бул басылат. Ушул экинчи квартал ичинде банктар аркылуу өткөн каражат, Кыргызстанга кеткен каражат 100 миллион доллардан ашты. Жумуриятыбыздын жылдык бүжети 500 миллдон доллар болуп атса анан бул жардам эмей эмине? Ал эми жылына чегире келгенде 400миллион доллар каражат кетет.

Дагы бир маселе атуулдуктан (Кыргызстандын – ММ) чыгып кетип атыптыр дедиңиз. Орусиянын атуулдугун алсам дегендер эсеби 16-20 миңдин тегерегинде. Биз муну дагы жаман эмес деп ойлойбуз. Жумуриятыбыздын негизги мыйзамына толуктоо болгону атат. Кыргыздар кайда жүрбөсүн, эгерде алар ошол өлкөнүн атуулдугун алып алса алар кыргыздын атуулу болуп кала берет деген берене киргизилмекчи. Ошондуктан бул жерге келип атуулдугун алып булардын мыйзамы астында иштеп атса, ага башкача мамиле болот. Кеп ошондо. Булардын мыйзамы менен айлыгын жакшы алат, пенсия алып алат. Ошондуктан ага барып аткандарды жок барба деген жокпуз, бирок үгүттөгөн да жокпуз.

-Мындан бир жыл беш ай мурда көз жарган ыңкылапты басма сөз каражаттары «элдин өз тагдырын өзү чечкен тарыхый учур болду» - дешет. А кай бир анализчилер «Акаев либерал кезинде башталган реформа уланып атат» - дешет. Бул пикирлердин кайсынысына Сиз кошуласыз?

- Бул ойго мындай суроолор менен жооп беришим керек. Кандай жылыштар болуп атат? Ошонун жолдору кандай болуп атат? Чечилбеген маселелер, кыйынчылыктар кандай чечилип атат? Эгерде ошолор туура жол менен чечилип атса аларга туура чара көрүлсө, кадрды тандоо туура жүрсө, эл дилгир болуп эмгектене баштаса, өкүмөтүн стратегиясы такталган болсо, анан алар бир кадам болсо да туура кадам жасалса, ошондо элдин үмүтү акталат. Менин байкашымча бир жыл дебейин эми жарым жылдын ичинде жакшы эле иштер болуп атат. Бир эле күндүн ичинде эмне себептен жаңы келген өкүмөт кыйратып ийбеди деп күнөө салган меничме туура болбойт. Жаңы өкүмөткө жаңы жетекчилерге убакыт беришибиз керек. Менин оюмча жылыштар бар. Былтыр дүң продукциябыз 1,3 пайызга өсүщү экен. Былтыр бир жыл ичинде 11 мектеп курулуп ишке берилген.
Орусия менен азыр мамилелер абдан жакшы. Бүгүн эки фирма менен жолугуп сүйлөштүк. Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтеринин курулушу ушул жылдын аягына дейре чечилмек болду. Алар менен бирге алюминий соотун да салуу кеби болду. Алар америкалык фирма менен чогуу аны курганы атышат. Эки кант соотубузду орусиялык ишкерлер алып иштете башташты. Орловкадагы химиялык металлургдук соотун бирин иштетип аткан да орусиялык ишкерлер. Сары жаздагы кен боюнча да аракет жасап атышат. Ойго келгени эле ушулар. Булар жарым жыл, бир жылдын ичинде иштеп кете турган болсо Кыргызстанга жылыш ошондо келет. Ушул жерде жүргөн биздин замандаштарыбыз бу жерде жүрбөй ошякка барып иш таап калышат. Каражат таап калышат.

XS
SM
MD
LG