Расмий маалыматтарга караганда быйыл жаңы окуу жылында өлкөдөгү эки миңден ашуун орто мектептерде бир миллиондон ашуун окуучулар билим алышат.
Министр Нур уулу Досболдун айтымында, быйыл жалпы республика боюнча элүүгө жакын жаңы мектептер курулуп бүтөт. Бюджеттин эсебинен он мектеп курулуп бүтүп, учурда ишке берилген. Ал эми мектептерде оңдоп-түзөө иштери толук жүрүзүлүп, жаңы окуу жылына даяр.
-Быйыл биз жаңы окуу жылына жакшы даярдыктар менен келдик. Бардык мектептер ремонттон өтүп, жаңы окуу жылына даяр. Ата энелер быйыл окуу китептерине акча төлөбөйт. Биз 15 млн. сомго китеп чыгарып атабыз. 1-сентябрга карата ар кандай 28 аталыштагы китептерди чыгарып мектептерге жеткирип бердик. Жылдын аягына чейин дагы 22 аталыштагы китеп чыгарып таркатып беребиз.
Жакында баш калаада жана облустарда мугалимдердин август конференциясы болуп, анда мугалимдердин маянасынын аздыгы, кадр маселесиндеги мүчүлүштүктөр, билим тармагындагы проблемалар козголгон эле. Бишкектеги №64 мектеп-гимназиясынын орус тил мугалими Айнура Осмонованын пикиринде, мектептерге жогорку окуу жайын бүтүшкөн жаштар тартылбаса, жакын арада мектептерде жалаң ардагерлер иштеп калышы мүмкүн.
-Жалпы мектептердеги негизги проблема жаш кадрлардын жетишсиздиги деп ойлойм. Бул маселени жалгыз министрликке милдеттендирип койбостон, коомчулук, өкмөт чечиши керек, деп ойлойм.
Министр Досбол Нур уулунун айтымында, учурда жалпысынан үч миңге чукул мугалимдер жетишпейт. Министрлик "Жаш мугалимдин депозити" программасынын алкагында мектепке жаш адистерди кармап байырлатып калуу аракетин кылууда.