Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

ПАРЛАМЕНТ КҮЗГҮ СЕССИЯСЫН БАШТАДЫ


1-сентябрда Жогорку Кеңеш күзгү сессиясын баштады. Сессиянын алгачкы күнүндө депутаттар өлкөдөгү кырдаал боюнча өз пикирлерин айтып, андан кийин күн тартибин бекитишти.

Сессия Кыргызстан гимни менен ачылды. Андан кийин президенттин куттуктоосун президенттик администрациянын башчысы Мыктыбек Абдылдаев окуп берди. Куттуктоодо биргелешип иштөөгө даярдык билдирилди:

-Сиздердин карооңуздарга көптөгөн мыйзам долбоорлор жана башка олуттуу маселелер коюларын билебиз. Сиздерге жардам көрсөтүп, биргелешип иштөөгө президенттик администрациясы дайыма даяр.

Депутаттар ичинен алгачкылардан болуп сөз алган Азимбек Бекназаров 1916-жылдагы боштондук күрөшүндө курман болгондорду бир мүнөт туруп эскерүүнү сунуштап, ал кездеги окуяны геноцид деп атады:

-Быйыл Үркүндүн 90 жылдыгы өтүп жатат. 90 жыл мурда орус падышачылыгы тарабынан кыргыз элине каршы жүргүзүлгөн геноцид белгиленип, ошондо көмүбөй калган ата-бабалардын сөөктөрү көмүлдү. Аш берилди. Өзүбүздүн салтыбызга жараша эскерүүлөр болду. Ошон үчүн биздин парламент геноцидде бейкүнөө каза болгон ата-бабаларды бир мүнөт эскерип коюушун сунуштаймын.

Ал аткарылды.

Азимбек Бекназаров ошондой эле конституциялык реформа маселесин парламенте кароону да сунуштады.

Депутаттар Сооронбай Жээнбеков, Асамидин Марипов табыйгый кырсыктарда жабыркаган атуулдарга мамлекет тарабынан берилбей жаткан жардам маселесин көтөрсө, депутат Текебаев жана Орозбаев Куршаб шайлоо округундагы маселени чечүүнү козгоду. Депутат Алишер Сабиров түштүк облустарда террорчу топторду жок кылуунун мыйзамдык жагын териштирүүнү талап кылса, Каныбек Иманалиев террорчулукту кыргыз мамлектине коркунуч туудурган жалгыз маселе катары баалап, аны парламентте талкуулоону сунуштады.

Депутат Темир Сариев суу, жаңгак уюлдарын уурдоо жана менчик басып алуу тууралуу сөз кылды. Ал эми Мелис Эшимканов коопсуздук, тышкы саясат жана улут аралык мамилесине мамлекеттин көңүл буруусун сунуштоо менен орус тил маселеси тууралуу мындай оюн айтты:

-Конституция боюнча парламентте чоң талкуулар болот. Бирок ошолордун ичинен бир маселеге депутаттардын көңүлүн өзгөчө буруп кетким келет. Ушул үч долбоордо тең орус тилинин статусу алынып салыныптыр. Биз ойноктотпой эле, Путинге жагыш үчүн, же орустардын кызыкчылыгын коргош үчүн эмес, өзүбүздүн балдарыбыздын келечеги үчүн орус тили кыргыз тили менен катар мамлекеттик статуска ээ болушун карап көрүүнү каалайт элем.

Андан кийин сессияга катышып отурган 64 депутат күн тартибин бекитти. Ага киргизилген орчундуу маселелер тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов буларды билдирди:

-Тизмектеп айтканда жүздөн ашуун мыйзам долбоорлору бар. Сентябрь айында карала турган негизги долбоорлор террорчулукка каршы күрөшүү, 24март учурунда жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүү, Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жана электр тармактарын менчиктештирүү маселеси турат.

Күн тартиби бекитилгенден кийин депутаттар тыныгууга тарап кетти. Алар мыйзам долбоорлор үстүндө дүйшөмбү күндөн тарта иштей баштамакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG