Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 11:40

ЫСЫККӨЛДӨ ОРТО КЫЛЫМДАРГА ТААНДЫК ХРИСТИАН МОНАСТРЫ ТАБЫЛДЫ


Жакында Ысыккөлдүн түндүк-чыгыш жээгинде жайгашкан Светлый Мыс деген аталыштагы жерде окумуштуулар орто кылымдарга таандык кечилдер турган жайын табышты. Көл жээгинен ошондой эле б.з.ч. биринчи миң жылдыктын орто чендерине таандык курал-жарактар, эмгек куралдар чыккан. Окумуштуулар бул археологиялык табылгалардын Кыргызстандын жана Борбор Азиянын тарыхы үчүн зор мааниси бар экендиги жөнүндө белгилешүүдө.

Соңку беш жылдан бери москвалык окумуштуулардан жана жергиликтүү тарыхчы, археологдордон куралган экспедициялык топ Ысыккөлдүн жээгинде жана суу астында археологиялык казуу, иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Ага Кыргыз-славян университетинин тарых факультетинин студенттери да катышып жатат.

Жакында Ысыккөл жээгинен орто кылымдарга таандык христиан монастыры деп айтылып жаткан жай табылды. Аталган кечилдер турган жайы Венецияда сакталган белгилүү Каталан картасынын жардамы менен табылды. Бул картанын көчүрмөсүн экспедициялык топтун жетекчиси, академик Владимир Плоскихке Германиядан тарыхчы, белгилүү дин таануучу Василиус Клейн жиберген. Анда Ысыккөлдүн сүрөтү тартылып, жанында эски латын жана эски испан тилинде “Бул жел Исикол деп аталат. Бул аймакта ыйык апостол-евангелист Матфейдин сөөгү коюлган армян христиандарынын чиркөөсү жайгашкан” деген жазуу бар. Бул карта 1375-жылы чийилген.

Айрым окумуштуулардын пикиринде экспедициялык топ тарабынан табылган бул кечилдер жайы православ дүйнөсүнө таанымал жана тарыхый булактарда айтылып келген орто кылымдардагы армян-христиандарынын монастыры болушу ыктымал. Экспедициялык топтун жетекчиси Владимир Плоских да азырынча ушундай пикирде:

- Азырынча мен муну илимий гипотеза катары сунуштап жатамын. Анткени, мындай жай башка жерден табыла элек. Азырынча ушул табылган кечилдер жайын армян христиан монастыры дегенге кобүрөөк негиздер бар.

Кээ бир тарыхчылардын айтымында, эгерде чындыгында эле Каталан картасында жазылгандай, Ысыккөлдүн жээгиндеги бул табылга армян христиандарынын монастыры экендиги тастыкталса, Кыргызстан дүйнөлүк диний маданиятка тиешеси бар аймак катары христин зыяратчылары үчүн да, туристтер үчүн да чоң кызыгууну туудура баштайт.

Экспедициялык топ тарабынан ошондой эле орто кылымдардагы маданиятка жана сак дооруна, б.з.ч. биринчи миң жылдыктын орто чендерине таандык курал-жарактар, эмгек куралдары табылды. Негизинен байыркы көчмөндөрдүн колодон жасалган аскердик курал-жарактары, кылыч, найзалар, ошондой эле жер иштетүүгө керектелчү колодон жасалган эмгек куралдары табылды. Булар сактар көчмөн эл болгондугу менен аларда да дыйканчылык кеңири өнүккөндүгү, ошол мезгилде эле коло кеңири пайдаланылгандыгы жөнүндө кабар берет. Буга байланыштуу Владимир Плоских мындай дейт:

-Колодон жасалган буюмдарынын табылгандыгы Кыргызстандын жана жалпы Борбор Азиянын тарыхында жаңы барак ачып жатат. Башкысы - алар суу алдында беш метрдик тереңдикте табылды.

Ысыкөлдө табылган коло буюмдарына байланыштуу окумуштуулар мындан ары да өз ой-пикирлерин айтышмакчы. Табылгалардын ичинен эң кызыктуусу салмагы 700 гр жакын алтын куйма болду. Археологдор менен нумизматиктер аны металдан жасалган акчалардын алгачкы формаларынан болушу ыктымалдыгы тууралуу айтышууда. Владимир Плоских маалымдагандай, ал Улуттук банктын акчалар музейине өткөрүлүп берилет.


Ысыкөлдүн жээгиндеги айылдардын тургундарынан да орто кылымдарга таандык христиан монастырларынын айрым буюмдары бар экендиги маалым болду. Алар мындай буюмдар муундан муунга өтүп келе жаткандыгын айтышат. Айрым тургундар колдорундагы тарыхый буюмдар үчүн ири көлөмдөгү акча сурашууда.

- Мисалы, бир айыл тургунунун колунда күмүштөн жасалган кубок бар. Ал Караханийлердин мамлекет башчысына Баласагындан жасалган белек. Бул кубокту анын ээлери адегенде тарых музейине сунушташкан экен. Бирок, музей алар сураган акчаны бере алган эмес. Анткени, алар Бишкектен батир алганга жете турган акча сурашкан, - дейт Владимир Плоских.

Окумуштуулар белгилешкендей, 1990-жылдардын башынан тарта өкмөт илимий экспедицияларды жүргүзүү үчүн каражат бөлө элек. Кыргыз Илимдер Академиясынын алдындагы Тарых институтунун директору Жеңиш Жунушалиев болсо, өкмөт өлкөдөгү тарыхый-маданий жайларды сактоо боюнча улуттук концепцияны иштеп чыгышы зарыл, деп айтат.


Азиза Турдуева, Бишкек
XS
SM
MD
LG