Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:08

ОШТО ТЕРРОРДУК УЮМДУН БАКАНДАЙ МҮЧӨСҮ ЖОК КЫЛЫНДЫ


Кубаныч Жолдошев, Ош шаары Ош шаарында антитеррористтик атайын операциянын натыйжасында Өзбекстан ислам кыймылынын лидерлеринин бири деп эсептелген Расул Ахунов өлтүрүлдү. Милициянын маалыматы боюнча ал 12-майдагы Кадамжайдагы окуяга тиешеси бар деп шектелип, издөөдө жүргөн.

Ош облустук улуттук коопсуздук башкармалыгынын өзүнүн ысымын атабоону суранган жооптуу кызматкеринен алынган маалыматка караганда Ош шаарындагы "Туран" кичирайонунун тургуну Толкунбай Хайдаровго таандык үйдү тинтилген. Анын жүрүшүндө ушул жылдын 6-август күнү атайын операциянын учурунда качып кетүүгө үлгүргөн “Бахтиер”, “Мурад”, “Лейтенант” деген лакап аттары менен белгилүү Расул Ахунов окко учту. Ал Өзбекстан ислам кыймылынын активдүү мүчөлөрүнүн бири деп шектелип келген.

Үй ээси Толкунбай Хайдаров кармалып, Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Анын жубайы Барчынай Хайдарова куралчан адамдын кайдан киргендигин байкабай калгандыгын айтып, күйөөм мурда мындай адамдар менен байланышы болгон эмес эле, деди:

- Кайдан киргендигин байкабай калдым. Курал-жарагынын бар-жогун да билбей калдым. Болгону бир гана адам экендигин билем. Бир заматта эле атыш башталып кетти. Бизди милициялар алып чыгып тынч жайга жайгаштырышты. Менин күйөөмдүн мындай адамдар менен байланышы болгон эмес.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында атайын операция 2-сентябрь күнү күүгүмдө башталып, түнкү саат он бирлерге чейин улантылган. Колго түшүп бер деген талапка үйдө жашынып жаткан Расул Ахунов ок менен жооп берген. Натыйжада атайын даярдыктан өткөн “Альфа” отрядынын бир кызматкери жаракат алган. Өзүнүн көргөн-билгендерин окуянын күбөлөрүнүн бири Рапия Сабирова бизге айтып берди:

- Атышуулар башталып кеткенинен биз электр жарыгынан авария болуп жарылды окшойт дегенбиз. Көрсө андай эмес экен. Бизге айтышты - кошуна үйдө атышуу болуп жатат, үйүңөргө киргиле, дешти. Кийин уксак коңшу баланын үйүндө ушундай окуя болуптур. Бактыга жараша эч ким жаракат алган жок дешти.

Атайын операция жүргүзүлгөн жерге жакын жайгашкан кошуна үйдүн ээси Дамира Юсупова болсо мурда эч кандай шектүү нерселерди байкабаган:

-Бизди үйдөн кууп чыгышты. Коңшу үйдүн короосунда болсо атышуулардын, жардыруунун үнүн уктук. Андан соң курал көтөрүшкөн маскачан аскер адамдарын көрдүк. Бир канча убакыттан соң алар жанагы үйгө кирип барышкандан кийин гана ок атышуулар токтоду. Угушубузга караганда үйдүн ичинде жашынып жаткан адам өлтүрүлүптүр. Талкаланган үйдү, короо-жайды көрсөң жүрөгүң түшөт.

Облустук улуттук коопсуздук башкармалыгынын жетекчилиги атайын операция тууралуу ырасмий маалыматты 4-сентябрь күнү эртең менен жарыяламакчы.

XS
SM
MD
LG