Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

4-СЕНТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1860-жылдын бул күнү падышалык орус аскерлери Пишпек чебин басып алышты. 1918-жылдын 4-сентябрында Пишпек уезддик жумушчу, дыйкан жана мусулмандар Советинин II съезди ишин баштады.

973-жылдын 4-сентябрында атактуу астроном, географ, геолог, тарыхчы, тилчи жана акындыгы менен дүйнөгө таанылган окумуштуу Абу Райхан Мухаммад ибн Ахмед аль Бируни жарык дүйнөгө келген. Атактуу окумуштуунун киндик каны байыркы афригиддик Хорезмдин борбору эсептелген Кят шаарына таамп, баралына келгенде ал ар кыл илим тармагынан билим алып, аалам аңдоого болгон көз карашын кеңейте алган.

1860-жылдын бул күнү 1750 жоокер жана 15 пушка менен куралданган падышалык орус аскерлери Пишпек чебин басып алышты. Пишпек чеби Кокон хандыгынын Чүй өрөөнүндөгү бийлик тиреги эсептелинип, аны мыкты куралданган 500 сарбаз кайтарган. Орус аскерлери Пишпекти беш күн кармашып, аткылоочу куралдын артыкчылыгы менен чепти басып алууга жетишкен. Кокон хандыгынын урагыз тиреги деп кабыл алынган Пишпек чебинин кулашы, Чүй өрөөнүндөгү кыргыздарга зор таасир тийгизген жана алардын мындан ары хандык залимдигинен кутулуш максатында орус армиясына көмөк көрсөтүүгө себеп болгон.

1885-жылдын бул күндөрү Пишпек шаарында үзгүлтүксүз жер титирөөлөр болуп турду. Жер титирөөнүн жогорку чеги 6 баллдык көрсөткүчкө жетсе, шаарга 40 км жакын жайгашкан Беловодское айылына жер титирөөнүн күчү 9-10 балл менен өлчөнгөн. Метеорологдордун айтымында мындай даражадагы жер титирөө Чүй өрөөнүндө буга чейин катталган эмес.

1918-жылдын 4-сентябрында Пишпек уезддик жумушчу, дыйкан жана мусуландар Советинин II съезди ишин баштады. Жыйында жер- суу комитеттерин уюштуруу маселеси, тамак-аш тартышыгын жоюу, жер иштетүүнү өнүктүрүү, соодо жана өнөр жайды жөнгө салуу, армияны кайра түзүү иштери каралды. Мындан тышкары, жыйын катышуучулары, өлкөдөгү билим берүү тармагы менен саламаттык сактоо маселелерин көтөрүштү.

1999-жылдын 4-сентябрында Чоңалай районунун түштүгүндө өлкө чегин бузган исламчыл согушчандардын отрядын талкалоо боюнча аскердик операция башталды. Кыргызстандын коргоо жана ички иштер министрликтеринин аскерлери Бокбашы ашуусундагы маанилүү бийиктикти ээлешип, душмандар коргоо участкаларын таштап Тажикстанга чегинишкен.

Бул күнү, 1802-жылы немец филологу Георг Гротофенд дүйнөгө биринчи болуп вавилондук клинопис жазуусун окуп, 1888-жылы Джордж Истман фотоаппаратты патенттеп, «Кодак» соода маркасын регистрациялап, 1874-жылы советтик хирург Александр Вишневский, 1904-жылы француз кинорежиссеру Кристиан Жак, 1913-жылы италиялык кинорежиссер Ренато Плучек жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG