Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

КАЗАК ЖАНА ӨЗБЕК ПРЕЗИДЕНТТЕРИ АСТАНА ШААРЫНДА ӨЗ АЛДЫНЧА ДА ЖОЛУКТУ


Нарын АЙЫП, Прага 4-сентябрда казак жана өзбек президенттери Нурсултан Назарбаев менен Ислам Каримов Астана шаарында эки мамлекет ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулап, биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Жолугушуу учурунда Казакстан менен Өзбекстан ортосунда бардыгы болуп сегиз келишим түзүлдү.

1-2-сентябрда Астанада Борбор Азия президенттеринин бейформал бийик жолугушуусу болуп өткөн жана өзбек президенти Ислам Каримов андан кийин казак борбор калаасында конок болуп калган. 4-сентябрда анын президент Нурсултан Назарбаев менен өз алдынча жолукканы мамлекеттик сапар деп аталды. Үстүбүздөгү жылдын март айында ошондой эле мамлекеттик сапар менен Назарбаев Ташкенге барып келген.

Эки президент Астанада биргелешкен билдирүүгө кол коюшту жана жолугушуудан кийин журналисттерге маалымат берген Назарбаев - Казакстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн жакын арада эки эсеге көбөйтө турганын билдирди. Анын айтымында, сооданын кеңейиши эки мамлекет ортосундагы кызматташуунун өзөгүн түзөт. Каримов болсо журналисттерге - өз ара кызматташууга кедерги боло ала турган бардык тоскоолдуктарды Ташкен жоюуга даяр деп айтты. Андан тышкары Каримов - жакын арада биргелешкен казак-өзбек аскерий машыгуу өткөрүүнү да сунуштады.

Жолугушуу учурунда дагы жети документке кол коюлду, алар - 2006-2010-жылдардагы экономикалык кызматташуунун программасы жана планы; жашыруун маалыматтарды коргоо боюнча келишим; үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрынан тартып эки мамлекет ортосунда жаңы чек ара түйүндөрүн ачуу боюнча протокол; маданият жана башка гуманитардык тармактардагы кызматташуу тууралуу программа жана план; туризм тармагында иштешүү боюнча келишим; эки өлкөнүн соода палаталары ортосундагы кызматташуунун программасы; жана аба мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча коргоо министрликтери ортосундагы келишим.

Казакстандын Ташкендеги элчиси Аскар Мырзакметов Орусиянын "Интерфакс" маалымат агенттигине билдиргенге караганда, жакын арада Астана менен Ташкен - мамлекет аралык көзөмөл кеңешин да түзөт жана ал кеңеш эки президенттин түздөн-түз башкаруусу алдында иштейт.

Ошол эле "Интерфакстын" дагы бир кабарына караганда, 8-сентябрда Казакстандын Семипалатинск шаарында Борбор Азияны өзөктүк куралдан бош аймак деп жарыялаган декларацияга кол коюлат. Ал жолугушууга казак, кыргыз, өзбек, тажик жана түркмөн тышкы иштер министрлери келүүгө тийиш. Анткен менен декларациянын кошумча протоколу да бар жана ага качан кол коюулары азырынча белгисиз. Протоколго - өзөктүк куралга ээ беш мамлекет - АКШ, Британия, Кытай, Орусия жана Франциянын өкүлдөрү кол коюп, Борбор Азиянын коопсуздугун камсыз кылуу милдетин өздөрүнө алууга тийиш. Бирок алар - Борбор Азия жөн гана өзөктүк куралдан бош аймак катары жарыяланбастан, ал мамлекеттер өзөктүк куралды өз аймагы аркылуу өткөрбөөгө милдеттенме алыш керек деген талап коюуда.

XS
SM
MD
LG