Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

УКК: РАСУЛ АХУНОВ - ЖАНКЕСЕПТЕРДИН БАШЫНДА ТУРГАНДАРДЫН БИРИ


Улуттук коопсуздук кызматы бүгүн өткөн ишембиде Ош шаарында террорчул маанайдагы «Түркистан ислам партиясынын» жетекчилеринин бири Расул Ахуновдун жок кылынышы боюнча билдирүү таратты. Анда Расул Ахунов аталган кыймылдын жетекчи курамына киргени, быйылкы 12-майдагы Баткендеги окуяга түздөн-түз тиешеси бардыгы айтылат. Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Бусурманкул Таабалдиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда согушкерди тирүү кармаганга болгон аракет жасалып, бирок ал ишке ашпай калган.

Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, Өзбекстандын жараны 38 жаштагы Расул Ахунов ушул жылдын 12-майындагы Баткендеги чек ара бекетине кол салууну уюштургандардын бири. Ал Тажикстандын Ляккан чек ара бөлүгүнө кол салып, андан алынган курал-жарактар менен Баткен облусуна кирип келген топтун ичинде болгон. Бирок Кыргызстандын аймагына кирген соң из жашырып кеткен. Аны кармоо боюнча буга чейинки иш чаралар ийгиликсиз болуп, эки жолу качып кетүүгө үлгүргөн. Согушкер Карасуунун имамы Мухаммадрафык Камалов өлтүрүлгөн Оштогу операция учурунда да жаракат алганына карабай качып кеткен.

УКК төрагасы Бусурманкул Таабалдиев бул жолу аны тирүү кармаганга болгон аракет жасалганын, бирок ал ишке ашпай калганын айтат:

- Биздин кызматкерлер адегенде «Сен курчоодосуң, багынып бер» деп эскертишкен. Бирок ал мындай сунуштарга көнбөй граната ыргытып, тапанчасы менен ата баштаган. Айланадагы элге ок тийип калбасын деген кооптонуу менен ага каршы аракет жасоого туура келди. Бирок «Альфанын» балдары биздин тапшырмабызыга ылайык, аны өлтүрбөй жарадар кылып кармаганга аракет жасаптыр. Денесин караган дарыгерлер ал тийген октон эмес, жүрөгү жарылып жан бергенин айтышты. Андай болбогон күндө да ал тирүү түшмөк экен. Анткени шахиддерче белине граната курчанып алыптыр.

УКК төрагасы мындан сырткары Ахуновдун Түркистан ислам партиясынын жетекчи курамындагы беш адамдын бири экенине, Ооганстандан атайын даярдыктан өткөнүнө да токтолду:

- Расул Ахунов Ооганстандан атайын даярдыктан өтүп келген. Кыймылдын мүчөлөрүн жамаат-жамаат кылып бөлүп, согуш ыкмаларын үйрөтүүчү жетекчилеринин бири болгон. Тахир Юлдашев, Жума Наманганилер менен кошо азыркы Түркистан ислам партиясынын, андагы Өзбекстан ислам кыймылын уюштургандардын башында болгон беш адамдын бири.

Өткөн ишембиде Ош шаарында болгон бул окуя коомчулукта ар кыл пикирлерди пайда кылууда. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында да айрым депутаттар бул маселени козгошуп, жергиликтүү калк үч күн болсо да кандай окуя болгонунан так кабары жок экенин белгилешти. Депутат Исхак Масалиев да мындай операцияны колдоорун, бирок коомчулукка болгон окуя боюнча так маалымат берилиши зарылдыгын айтат:

- Эми бул жерде күч органдары туура эле иш кылган. Каршы ок атып аткандай кийин, албетте талкалаш керек. Бирок так маалымат болбогондуктан эл ичинде ар кандай имиш-имиштер болушу мүмкүн.Кэ бир молдолорубуз элге түшүндүрүп айталбай, диний ишенимдегилердин ортосунда да аркандай сөздөр болушу мүмкүн. Ошондуктан мындай операция болгондон кийин дароо коомчулукка туура маалымат берилиши керек.

УКК учурда терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшүүнү улантууда. Буга дейре жанкесептердин катарына кошулгандарга 1-сентябрга дейре өз ыктыяры менен багынып берүүгө мөөнөт чектелген эле. УКК төрагасынын айтымында, бул арада эки адам өз эрки менен багынып келди. УКК жетекчилиги 2-сентябрдагы окуядан улам бул мөөнөттү дагы бир айга, 1-октябрга дейре узартты.


Сүрөттө : Террорист ушул үйдө жашырынып каршылык көрсөткөн.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG