Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

ЖАЛАЛАБАТ : «АСАБА» КОРРУЦИЯНЫН АРААНЫ АЧЫЛДЫ ДЕЙТ


Өткөн аптанын соңунда «Асаба» партиясынын Жалалабат облустук конференциясы болуп өттү. Жыйын саясий уюмдун алдыда турган милдеттери менен өлкөдөгү коомдук-саясий абалга баа берди. Делегаттардын баасы боюнча өлкөдө социалдык-экономикалык багытта өзгөрүүлөр бар, бирок, ага канааттанууга болбойт, жумушсуздук менен коррупция азайган жок, конституциялык реформа кечеңдөөдө. Кадр саясатында алешемдиктер арбын. Облустук бийлик кадрларга байланыштуу айтылган сын-пикирлер менен макул эмес.

Конференцияга «Асаба» партиясынын облустун район-шаарларынан келген өкүлдөрү катышты. Анда эки маселе талкууланып, уюмдун алдыда турган милдеттери жана партияга жаңы мүчөлөрдү тартуу, саясий уюмдун жер-жерлердеги таасирин күчөтүү жагы белгиленди. Күн тартибине коюлган өлкөдөгү коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жагдай жөнүндөгү маселе делегаттардын түрдүү ой-пикирлерин жаратты.

Партиянын облустагы координатору Бекмолдо Чотонов социалдык саясаттагы өзгөрүүлөрдү жакшы жылыш катары баалады. Бирок, коррупциянын азайбай, укук коргоо органдарында паракорлук өөрчүп, бийлик айланасы экс-президент Аскар Акаевдин кадрларынан тазаланбаганын айтып өттү:

- Акаевчилерди кетире алган жок. Алардын 90 пайызы Бакивдин жанында жүрөт. Бул киши өзү таза, бирок жанындагы жанжөкөрлөрү Акаевге окшоп уят кылып койбосо болду деп ойлойбуз. Паракорчулук мурдагыга караганда азайды деп айта албайм, көбөйсө көбөйдү. Айрыкча органдарда паракорлук көбөйдү, жолдо акча алып атышат. Жогорку окуу жайларында да, мектептерде да бар.

Чотоновдун айтымында облуста «Асаба» партиясынын төрт миңден ашык мүчөсү бар. Жыйында партиянын аймактык бөлүмдөрү түзүлүп, алардын координаторлору шайланды. Бегайым Токтоналиева уюмдун Аксы, Алабука, Чаткал аймагын башкара турган болду. Анын пикири боюнча өлкөдө Конституциялык реформа маселеси создуктурулуп келе жатат. “Асаба” партиясы курамына кирген «Эл үчүн реформа» кыймылы бийликтин алдына койгон талаптарынын көбү аткарылган жок, деп айтты Алабука районундагы «Айымзат» борборунун директору Бегайым Токтоналиева:

- Кыргызстанда реформа болуш керек. Себеби жаңы адамдар бийликке келмейинче биз эски режим менен кала беребиз. Биз революция кылып аткан убакта Акаевдин танкасы келип силерди атат деген кишилер дагы деле бийликте отурат, ал эми революцига катышкан балдар көчөдө калды.

Аксы районунан келген делегат Сатылган Апарбаев республикада чоң жылыштар байкала электигин, анткени менен мындан ары өзгөрүүлөр болоорунан үмүт кылаарын билдирди. Анын баамдашынча пенсия жана жөлөк пулдарга болгон азганакай кошумчалар менен канааттанууга али эрте:

- Пенсия, пособиелер көтөрүлүп атат, мектепте окуган 1 класстан 4-класска чейинки балдарга тамак уюштурулуп атат. Чоң алдыга жылыш али байкала элек. Бирок бир жылда бардык нерсе жакшы болуп кетиши мүмкүн эмес.

Өлкөдө жумушсуздардын карааны сээлдей элек. Тоо айылдарындагы жер үлүшү менен жан багуу мүмкүн эмес. Иштин жоктугу менен жашоонун начардыгынан жаштардын көбү укугу тебеленсе да, башка өлкөлөрдөн жумуш издөөгө мажбур болуп жаткандыгын Бекназар Чотонов кошумчалады:

- Каражыгач айыл өкмөтүнөн бир адам башына 1 жарым сотых жер үлүшү тийген. Жер тең бөлүнгөн эмес, көбү кетип калышты. Айылда бир жарым сотых жер менен эч ким тирилик кыла албайт.

Эл арасында мамлекеттик автоинспекция кызматкерлери айдоочулардан пара алаары тууралу сөз көп айтылып келет. Бирок, облустук ички иштер башкармасынын башчысы Нурлан Темирбаевдин жообуна караганда паракор милиционерлер тууралуу расмий түрдө бир да адам кайрылганган жок:

- Бул постто турган ГАИ менден 50 сом алды деп келип айтсын, биз чара көрөбүз, бирок эч ким кайрылган жок.

«Бийлик уюмдарында экс-президент А.Акаевдин доорунда иштегендер олтурат» деген ойго жергиликтүү бийликтин жооптуу кызматкерлери макул эмес. Облбийликтин аппарат башчысы Таалайбек Энназаровдун пикирине караганда кызматкерлер сынактын негизинде тандалып алынууда:

- Конкурстук комиссия бар, ар бир бөлүм башчы мүчө болуп эсептелет. Мен төрага катарында, 3-4 адамды конкурска коебуз, анын ичинен деңгээлине, билимине жараша тандап алып, губернаторго сунуш кылабыз – деди облустук администрациянын кадрларды тандоо боюнча комиссиясынын башчысы Таалайбек Энназаров.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG