Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

АЛАТООДОН АЛЫСТАГАНДАР КӨБӨЙДҮ


Окумуштуулардын айтымына караганда, эмгекке жарамдуу калктын 18% мигрант катары чет өлкөлөргө кеткен мамлекетти жок болуп кетүү коркунучу күтүп турат. Кыргызстандын миграция комитетинин маалыматы боюнча учурда көр оокаттын айынан сыртта жүргөн элдин саны 12% ашты.

..Ай тиген тескей тескейби,
Алтыным апам эстейби.
Алтындай апам эстесе,
Ай сайын келип кетпейби...


Мына ушинтип ырдаган 7 жашар Алина быйыл мектепке барды. Ал мектепке башка балдар сыяктуу эле апасы же атасы менен баргысы келген эле. Бирок үч жыл мурун Орусиянын Москва шаарына иштегени кеткен ата-энеси бул жолу да келе албай калышты. Чоң энеси алар банк аркылуу салып жиберген акчага кичинекей кызга кийим-кече, китеп-дептер сатып берген.

Алина сыяктуу ата-энеси алыста жүргөн балдар айылда көп. Анткени көр оокаттын айынан Орусияга же Казакстанга жумуш издеп кетип жаткан жаштардын саны ай сайын арбып баратат. Өзүн Абдурасулова Элмира деп тааныштырган аялдын да улуу уулу сыртта жүрөт, ал эми паспорт колго тийсе эле кетмекпиз деп турган дагы эки баласы бар:

-Менин улуу балам эки жыл мурун Астанага барып жакшы иштеп келип, үй-жайларды оңдогон эле. Былтыр кайра Москвага кетти. Ал жакта деле жумушу жакшы дейт. Ошондуктан, өзү менен алып жүрүп иштетем деп кичүү инилерин да чакыртып атат. Бирок алардын паспорту жок болгондуктан жибере албай отурам. Аз калды эми, жакында паспорт алсак эле агасынын жанына кетишет.

Орусиянын федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча өткөн жылы Кыргызстандан 307 730 жаран Орусиялык чектен өттү деп катталган. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча учурда Орусиянын өзүндө эле 500 миңден, Казакстанда 80 миңден ашуун Кыргызстандык мигранттар бар. Такталбаган маалыматтар алыскы чет өлкөлөрдө оор жумуштарда иштеп жатышкан кыргыз мигранттарынын саны беш миңден ашуун экендигин белгилейт.

Кыргызстандын калкты эмгек менен камсыздоо жана миграция комитетинин статс-катчысы Мухтар Өмүракуновдун маалыматы боюнча, ушул тапта жумуш издеп чет жакка кеткендер Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын 12-13% түзөт. Анын айтуусунда, кеткен жарандардын көпчүлүгү ошол жактарда биротоло калып калууну көздөшкөнү кейитет:

-Мигранттар көп кетип жатышат. Бир жагынан алардын чет жактарга барып, иштеп, тажрыйба топтоп келгени жакшы. Бирок канчалык сагынып, Кыргызстанга келгиси келсе да, көпчүлүк бөлүгү баары бир ошол жактарда калууну каалашат. Ошондуктан, мына ушуну теске сала турган бир мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз.

Кыргызстан жакында балдар менен карылардын гана өлкөсү болуп калуу коркунучу бар деген тынчсыздануусун Жогорку Кеңештин депутаты, миграция боюнча комиссиянын төрагасы Кубанычбек Исабеков да билдирди:

-Жакында Кадамжайга барып келдик. Элдин 70% кетиптир. Жалаң жаш балдар менен чалдар гана калган. Көр казганга киши жок, мектептин окуучуларын апкелип каздырып атышат. Демек, мунун биздин демографиябызга чоң залалы тийүүсү мүмкүн.

Кубанычбек Исабеков эгер бийлик саясатты өзгөртүп, экономиканы өстүрүүнү колго албаса, анда бул олуттуу маселеге айланарын кошумчалады.

Бирок ошол эле учурда тышкы миграциянын арбышы өлкөгө экономикалык жактан зыянга караганда көбүрөөк пайда келтирет деген пикирлер да бар. Буга мисал катары сыртта жүргөн эмгек мигранттарынан Кыргызстанга келип жаткан киреше айтылып жүрөт. Өткөн жылы Орусияда иштеп жүргөн мигранттар үйлөрүнө банк аркылуу которгон каражат орто эсеп менен 300 млн долларды түзгөн. Ал эми Орусиялык маалымат каражаттарынын жазганы боюнча быйылкы жылы үч айда Орусияда эмгектенишкен мигранттардан Кыргызстанга 102 млн доллар акча которулган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG