Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

КУРИЛ ТАЛАШЫ ТАТААЛДАША БАШТАДЫ


Россия менен Япониянын мамилелери кайрадан кыйгыл тарта баштады. Буга өткөн айда Курил аралдарынын биринде орустардын аймагына кирип келген япониялык балыкчылардын кемеси себепчи болду. Орус чек арачыларынын огунан бир балыкчы набыт болуп, үчөө кармалды. Алардан экөөнү Москва Токиого өткөрүп берди, ал эми кеменин капитаны болсо Сахалинде соттолгону жатат. Бул окуя Курил аралдарына байланыштуу орус саясатчыларынын бүйүрүн кызыткандай болду.

30-августта орус-япон мамилелеринин келечегине байланыштуу “Эхо Москвы” радиосу өткөргөн тегерек үстөлдө орус Думасынын депутаты Наталья Нарочницкая Курил аралдары тууралуу талашта эки өлкө мунаса табышы мүмкүн эместигин кесе айтты. Анын айтымында, Курил аралдарын Россия согуштан түшкөн олжо катары карайт. Нарочницкая атүгүл тынчтык келишиминин да зарылдыгы жоктугун билдирди. ”Россия Германия менен деле келишим түзгөн эмес, бирок эки тараптын алакасы өтө жакшы, Япония менен да ушундай негизде мамиле түзсө болот”,- деп айтты ал.

Августтагы окуяларды комментариялап, Думанын вице-спикери Владимир Жириновский Японияны сентябрдагы шайлоо алдында ортодогу мамилени атайылап курчутуп жатканы үчүн айыптады. Ал эми августтун башталышында экономика министри Герман Греф Курил аралдарын өнүктүрүү боюнча федералдык ири масштабдуу программаны жарыя кылган эле. Ага ылайык, Курил аралдарындагы калктын саны 2015-жылы 18 миллионго жетет, өнүктүрүү программасына жалпы эсепте 600 миллион доллар суммасында капитал сарпталат. Коргоо министри Сергей Иванов буга кошумчалап, Курил аралдарында аскери инфраструктуралар да ыкчам арымда өнүктүрүлө турганын ырастады.

Иши кылып, орус саясатчылары 56 аралдан турган Курил мындан ары эч кандай сүйлөшүүлөрдүн предмети болбой турганын ачык кеп кыла баштады. Думанын эл аралык иштер боюнча комитет башчысы Константин Косачев,мисалы,Курил аралдарын өнүктүрүү проблемасы Россиянын ички саясатынын маселеси экенин,буга Япониянын эч кандай тиешеси жоктугун белгиледи.

Курил аралдары дүйнөлүк экинчи согуштан кийин Советтер Союзунун карамагына өткөн. Ошондон бери аралдардын тагдырын аныктаган эч кандай келишим түзүлгөн эмес. Япония болсо Курилдеги төрт аралды өзүнүн аймагы деп эсептеп,анын кайтарылышын талап кылып келатат. Алардан экөөнү Японияга өткөрүп берүү мүмкүндүгүн учурунда Михаил Горбачев,андан соң Борис Ельцин кыйытышкан эле. Бирок Путин бийликке келген соң Москванын бул маселедеги позициясы акырындап өзгөрө баштады. Жакындагы интервьюларынын биринде Путин талаштуу төрт аралга кайрылып, алардын баары Россиянын юрисдикциясында турганын, бул дүйнөлүк экинчи согуштун натыйжасы экенин эске салды.

Орус жетекчилеринен чыккан мындай апаздардан улам Россия Курилге байланыштуу Японияга өз өнөгүн берчүдөй көрүнбөйт.

XS
SM
MD
LG