Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

ПРЕЗИДЕНТ МАМЛЕКЕТТИК ТЕЛЕРАДИОКОМПАНИЯГА КООМДУК БАШКАРУУ КИРГИЗҮҮНҮ КОЛДОГОН ЖОК


Президент Курманбек Бакиев «Мамлекеттик телерадиокомпания тууралуу» мыйзам долбоорун четке какканы ушул жуманын башында белгилүү болду. Жогорку Кеңеш июнь айында кабыл алган бул мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик телекомпаниянын иши Байкоочулар кеңешинин көзөмөлүнө өтүүгө тийиш эле. Аталган мыйзамдын четке кагылышын айрым депутаттар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү артка кетенчиктөө катары баалашууда.

Аталган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик телерадиокомпания азыркыдай президенттин жеке көзөмөлүндө эмес, атуулдук коомдун катышуусунда башкарууга алынмак. Мыйзамды иштеп чыккан депутаттардын бири Каныбек Иманалиев анын четке кагылышын бир кадам артка кетүү деп эсептейт:

- Президенттин бул мыйзамга кол койбогону өтө өкүнүчтүү. Бул бир кадам артка дегендик. Биз мында башкаруу принцибин өзгөртүп, атуулдук коомдун өкүлдөрүн киргизип байкоочу кеңешин түзөлү дегенбиз. Ошол байкоочу кеңеш башкы деректирин дайындашы керек болчу. Ошондо ал президентке да, парламентке да баш ийбей, байкоочу кеңешке гана баш иймек. Бирок эртеби-кечпи биз ушуга келебиз.

Мамлекеттик телерадиокомпаниянын жетекчилиги бул мыйзам долбооруна башынан эле каршы болуп келишкен. Телерадиокомпаниянын директорунун орун басары Бейшенбек Бекешов атуулдук коом телерадиокомпаниянын ишмердигин көзөмөлгө алышын туура көрбөйт:

- Коомдук телекөрсөтүү деген шылтоо менен мамлекеттик телерадиокомпанияны көрүнгөн келип, ит тартыш кылып башкарганга эч кимдин укугу жок. КТР – мамлекеттики, элдики, демек аны элдин атынан ким сүйлөй алса ошол гана башкара алышы керек. А элдин атынан бизде президент, Жогорку Кеңеш гана сүйлөйт.

Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов болсо мыйзамды четке кагуу менен президент ката кетирди деп эсептейт:

- Мен буга таң калганым деле жок. Канткен менен жүрөктүн түпкүрүндө үмүттөнүп тургам, жок дегенде телекөрсөтүүнү реформалоодо чечкиндүү кадам болобу деп. Бирок мыйзам көрүнгөн шылтоо менен четке кагылды. Демек бүгүнкү бийлик менен биз көп нерсеге даяр эмеспиз. Муну менен президент чоң ката кетирди деп ойлойм.

Ушундай эле пикирди улаган депутат Дооронбек Садырбаев мыйзамга кол коюлбашын алдын ала эле боолгологонун айтат:

-Коомдук телекөрсөтүү болсо эртеден-кечке Курманбек Бакиевдин мыктылыгын даңазалабай калат. Мен мыйзам парламентте кабыл алынып жатканда эле айткам, президент баары бир кол койбойт деп. Себеби ага кол коюу үчүн былтыр 24-мартта жөн гана Акаевдин ордуна Бакиев отурбай, чыныгы ыңкылап болушу керек эле.

Былтыркы март ыңкылабынан соң мамлекеттик телерадиокомпаниянын коомдук телеберүүгө айлантуу демилгеси козголуп, жаңы бийликтин башына келген Курманбек Бакиев буга макулдугун берген эле. Эми минтип парламент кабыл алган мыйзам долбоору четке кагылып отурат. Мыйзамга вето коюуунун себеби катары ал ишке киргизилсе кошумча каражат талап кылынаары айтылат.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG