Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

АЛЬ-КАИДА КААПЫРЛАРДЫ ИСЛАМГА ӨТҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


Кошмо Штаттары дүйнөдөгү номер биринчи террордук уюм деп эсептеген Ал-Каида каапырларды, айрыкча Америкадагы мусулманчылыкты билбегендерди исламга өтүп, туура жолго түшүүгө чакырды. Өткөн ишембиде интернетте жайгаштырылган видеодо айтылгандай, болбосо каапырлардын башы азаптан арылбайт.

2-сентябрда ачыкка чыккан видеодо сүйлөгөн адам ислам динине өткөн калифорниялык Адам Яхие Гадан деген экени аныкталды. "Америкалык Аззам" деген ат менен белгилүү болгон бул кишини АКШнын Борбордук чалгын кызматы суракка алгысы келери маалым, ал эми АКШ бийликтери ал Ал-Каиданын пайдасына үгүт-насаат жүргүзөт деп шектенип келет.

"Америкалыктарга жана башка христиандарга айтаарыбыз, жаңылыш жолдон баш тартып, чындыктын жарыгына киргиле, же ууну өзүңөргө калтырып, эки дүйнөдө тең азабын тартасыңар", деп айтты Гадан англис тилинде. Ал видео-тасмага ак чалма салынып, компютердин алдында отурган жеринен тартылыптыр.

Видеонун башталышында Ал-Каиданын жетекчилигиндеги экинчи адам деп эсептелинген Айман ал-Завахри кыскача сөз сүйлөп, "Исламга чакыруу" деген билдирүүнү кунт коп угууга чакырды. Ушул сентябрда тартылгандыгы жазылган тасмада Завахри менен Гадан эки бөлөк жерде тартылгандай таасир калтырат.

Гадан Курандан сураларды окуп, аларды англисчеге которуптур. "Өз өлкөлөрүнүн башчыларынан арылуу үчүн мусулмандар диний ишенимин бекемдеши керек" деп кошумчалаган ал. "Карамүртөз мамлекет башчыларынан арылуу үчүн мусулмандарга демократиянын кереги жок. Бул үчүн алардын исламга болгон бекем ишеними, жихаддын руху, чет элдик аскерлердин чыгарылышы жана сырттан кийлигишүүдөн арылуу жетиштүү" деп белгилеген Гадан "Аллах диндин мамлекеттен бөлөк болушун тааныбайт" деп ырастаган.

Завахри буга чейин акыркы жолу август айында видеодон чыгып, Египеттин Гама Исламия уюмунун айрым жол башчылары ал-Каидага кошулду деп айткан эле. Гама Исламия бул ырастоону четке каккан.

XS
SM
MD
LG