Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

КЫТАЙДА ТЯНЬАНМЕНДИ ТАРТКАН РЕЖИССЕРДУН ИШИНЕ ТЫЮУ САЛЫНДЫ


Кытайда бийликтер тасмасы Канн фестивалында көрсөтүлгөн режиссердун өз кесибинде иштөөсүнө тыюу салды. Лоу Йе өзү Тьянанмен аянтындагы окуялар камтылган тасмасында саясий бир максаттарды көздөбөгөнүн айтып, иш ыкмасын жакшыртууга сөз берди.

Лоу Йенин сөз болуп жаткан тасмасы "Жайкы ак-сарай" деп аталат. Ал өткөн майда Канн фильм фестивалынын "Пальманын алтын бутагы" үчүн ат салышкан филмдердин катарында коюлганда, көрөрмандардын чоң кызыгуусун пайда кылган эле. Бирок ошондо эле Кытайдын мамлекеттик радио, кино жана теле администрациясы нааразы болуп жаткандыгы маалым болгон. Фестиваль ачылгандан кийин да, кытайлык цензорлор фильмдин катышуусуна уруксат бербей создуктурушканда, продюсерлер Бейжинге шашылып, фестивалдын мезгилинде расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн. Кийин Кытай өкмөтү фестивалды чагылдырып жүргөн бир нече кытайлык журналистти артка чакырып алган.

Эпикалык масштабдагы тасмада Бейжин университетинде 1989-жылы башталган махабат баяны чагылдырылат. Окуялар ошол жылдагы студенттердин толкундоолорунун фонунда тартылган. Фильмде танктар Бейжиндин башкы аянтына кирип келгендеги жүрөктүн үшүн алган архивдик тасмалар колдонулган. Бирок козголоңдун да, сүйүү баянынын да жалындуу эпкини тез эле суу сепкендей басылат да, тасманын башкы каармандары ар кимиси бөлөк жол менен кетет.

Жүздөгөн демонстранттар курман болгон Тянанмен козголоңун бийликтер "контрреволюциячыл кутум" деп мүнөздөп келишет. Ал эми "Жайкы ак-сарайда" бул окуяларда аз убакыт болсо да оптимизм менен идеализм үстөмдүк кылгандыгы көркөм чагылдырылган. Ошондой эле Кытайда искусстводо жыныстык алакаларды көрсөтүүгө тыюу салынса да, сөз болуп жаткан тасмада мындай кадрлардан бир эмес сегизи бар. Бул фильм уруксатсыз көрсөтүлгөнү үчүн мына эми анын режиссеруна кино тартууга беш жылга тыюу салынганын британиялык "Гардиан" гезити жазып чыкты.

Лоу Йенин бийликтер менен алакасында буга чейин да карама-каршылык болгон. Тактап айтканда, Шанхайда 2000-жылы тартылган "Соужу өзөнү" деген триллеринен кийин, ага өз кесибинде иштөөгө эки жылга тыюу салынган болчу.

Канн фестивалында ал "бийликтер талап кылган бардык сценаларды алып салууга даярмын" деп айткан эле. Ал эми Тяньанмен боюнча кадрларга байланыштуу кинодогу окуялар 2003-жылга дейре созулаарын, 1989-жыл анын ичинде бир гана жыл экендигин белгилеп, "мен эмнеге тыюу салынып, эмнеге уруксат экендигин ар дайым унутуп калам, бирок иш ыкмамды жакшыртуунун жолун табам" деп айткан.
XS
SM
MD
LG