Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

ӨЗҮНҮН ЗӨӨКҮРЛҮГҮН АШКЕРЕ КЫЛГАНДАР


Чеченстандын коопсуздук күчтөрү кылмышкерлер деп шектелген адамдарды суракка алуу учурунда жол берилген уруп сабоолорду өздөрү видеокамераларга тартып алып, мактанган учурлар катталууда. Россияга баш ийген премьер Рамзан Кадыровдун кишилери муну менен башкаларга сез көрсөткүсү келип жаткан шекилдүү.

Малика Солтаеваны уруп- сабап кыйнап жаткан кезде жазылып алынган тасма. 23 жаштагы Солтаева деген чечен келин орус солдат менен бузукулук кылган деген арыз боюнча камакка алынып, сурак берип жатат. Кош бойлуу экенине карабастан, Маликаны уруп- сабап тепкилеп, суракка алышкан. Жергиликтүү бийлик башчыларынын бири тартып алган видеотасма кийин Азаттык жана Эркин Европа радиосунун кызматкеринин колуна тийип, коомчулукка белгилүү болгон. Солтаеванын эжеси Зареманын Азаттыкка билдиришинче, намысы тепселенген келинди уруп- сабап, чачын кырып, энеден туума абалында тепкилеп, акыры орус солдат менен качып кеткенин мойнуна алдырышкан.

Солтаева мындай кинеге бир айча жок болуп кетип, кайра айылына кайтып келген соң кабылган. Өзүнүн айтымында, аны барымтага алып кетишкен, ал эми күйөөсү болсо келиндин орус аскер менен качып кеткенинен шек санайт. Ага чейин Малика Солтаева орус солдаттары келип турган дүкөндө иштечү экен.
Малика бул айыптоолорду четке кагып, бизге буларды баяндады:

-Мен иштеген жерге орустар келип, бир нерселерди сатып алышчу, менин алар менен бузукулук кылганымды кайдан чыгарып алышты, билбейм.

Жок жерден күнөөлөнүп жаткан келин бул окуяны анын кызганчаак күйөөсү кадыровчулар менен бирге ойлоп тапканынан шектенет.

Маликанын башынан кечирген сурак берүүсү жөнүндөгү тасмалар өткөн жумада "Нью Йорк Таймс" гезитинин кабарчысынын колуна тийип, кабарчы анын негизинде макала жазган. Маликанын тасмасы жападан жалгыз окуя эмес, кадыровчулардын өз кылыгына мактана, маашырлана тарттырып алган тасмалары көптөгөн кишилерге маалым болду. Жазылып алынган видеотасмалар камерасы бар чөнтөк телефондор аркылуу тарап, Кадыровдун коопсуздук күчтөрүнүн зөөкүрдүгүн көрсөтүүдө. Чеченстандын коопсуздук күчтөрүнүн бул кылыгын россиялык аскердик эксперт Павел Фелгенхауэр мындайча комментарийлейт:

-Алар өздөрүн хулигандардай алып жүрүшөт. Алар текебер жана эч нерседен коркушпайт. Алар үчүн бирөөлөрдү кемсинтүү, зордук- зомбулук кылуу кадыресе көрүнүш. Аларда дээрлик билим жок,- дейт эксперт.

Фелгенхауэрдин айтымында, бири- биринин алдында мактануу үчүн тартылып алынган бул фильмдер акыры коомчулукка белгилүү болуп, кадыровчулардын чыныгы бетин ачып олтурат. Эң өкүнүчтүүсү дейт ал, өзүм билемдик кылып жаткан кадыровчулардын Чеченстандын коопсуздук органдарынын расмий структураларынын мүчөлөрү экенинде.

Баян Жумакадыр кызы

XS
SM
MD
LG