Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:22

ИЛИМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ : КУСАЛЫКТЫН ДАРЫСЫ БАРБЫ? ТЕЛЕВИЗОР ЭСТУТУМДУ НАЧАРЛАТАТ


Ич-күйдүлүк, сагыныч, кусалык сыяктуу сезимдерден арылуу оңой эмес. Голливуддун бир фильминде Жим Кари ойногон бир каарман жетпей калган сүйүүсүн эс-тутумунан биротоло жок кылабыз деген көз боемочуларга додологон акча төлөйт. Бирок эс-тутумдун мерчемдүү бөлүгүн өчүрүп салуу алыскы келечектин иши деп ойлосоңуз жаңыласыз.

Чыгыш философиясында жогоруда аталган сезимдер үстөмдүк кылган учурларды адамдын өзүмчүлдүгү менен байланыштырышат. Ошого жараша, турмушка карата мамилебизди жөнгө салуу аркылуу, андай оор сезимдерди, илимдин тили менен айтканда "нейтралдаштыра" алабыз. Бирок биз адатта кыска жана жөнөкөй жолду издейбиз. Андай жолду бизге адатта окумуштуулар таап беришет.

Мына, Нью-Йорк-Даунстейт мамлекеттик университетинин кызматкерлери лабораториялык чычкандардын эс-тутумундагы айрым маалыматтарды мээсине доо кетирбей жок кылгандыгы белгилүү болду. "Саенс" же "Илим" журналынын акыркы санына ылайык, окумуштуулар бул үчүн чычканга атайын дары сайышкан. Буга, мындай мисал келтирели. Айталы машинанын эшигине сөөмөйүңүздү кыпчытып алдыңыз дейли. Аталган изилдөөнүн авторлорунун бири Доктор Андре Фентон чыпалагыңыздын ооруганын кантип басууга болоорун мындайча түшүндүрөт:

- Биз бул дарыны сиздин мээңизге сайбайбыз. Биз ооруксуган сөөмөйүңүз сиздин омурткаңыздын кайсы жери менен байланышта экендигин аныктап, дарыны ошол жерге сайабыз.

Бул дарыны башынан оор трагедияны өткөргөн адамга да колдонуу пландары бар:

Негизинде биз мындан майнап чыгаарын билбейбиз. Бирок жалпы жонунан билгенибиз – жакында активдешкен эс-тутумду бутага ала алабыз. Ошондо мисалы, сиз көңүл ооруткан окуяларды аныктаганга маш догдурга барасыз. Эгерде анын колунда жакында активдешкен эс-тутумду бутага ала турган молекулалар болсо, дарыгер сиз жоготкуңуз келбеген эс-тутумду жайында калтырып, сар-санаа кылган эс-тутумду активдештирип, молекуланы ошол жерге жеткирет.

Арийне, бул дары чөккөн көңүлдү көтөрө алабы? Доктор Фентон бул жаатта эч кандай убада бере алган жок.


Ичимдик менен телевизор эстутумду начарлатат

Бүгүн медицинанын аркасы менен адам баласынын өмүрү уламдан улам узарууда. Мындан эки миң жыл мурда адам орто эсеп менен болгону 20 жыл гана жашаган. Бүгүн орточо өмүр Орусияда 66, Жапонияда 82 жыл. Бирок эгер адам карыган сайын эс-тутуму начарлап отурса, узак жашагандын жыргалы канчалык деп ойлойсуз. Ушундан улам, эс-тутумдун бекемдигине болгон кызыгуу да өсүп барат.

Австралияда өткөн айда жүргүзүлгөн жалпы улуттук сурамжылоодон кийин, күндө бир маал эки бокал ичимдик ичүү жана бир саат телевизор көрүү сыяктуу көнүмүш адаттар эс-тутумдун начардашына алып келет деген жыйынтык чыгарылды. Акыркы беш жыл көк нар чеккендердин эс-тутуму да орточо деңгээлден төмөн болуп чыккан. Австриянын өкмөтү сүрөөнчү болгон сурамжылоого дээрлик 30 миң киши катышты.

Ошол эле мезгилде жумасына бир жолу балык жеп, же кроссворд чечсеңиз базарга баратканда жазып алган азык-түлүктүн тизмесин оңой менен унутпайсыз. Көркөм чыгармаларды көп окусаңыз да эс-тутумуңуз жакшырса жакшырат, начарлабайт. Башкысы, булчуңду иштеткендей эле, мээни да дайым машыктырып туруш керек. Мындан тышкары, теле-программалардын бардыгын кара тизмеге киргизип кереги жок. Куинсланд университетинин невро-психологу Нэнси Пачана Ройтерске билдиргендей, мисалы акыл тегеретүүнү талап кылган программалар же жаңылыктар мээнин иштешин жакшыртат экен.
XS
SM
MD
LG