Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:21

ТҮРКИЯ ЛИВАНГА АСКЕР ЖӨНӨТӨТ


Түркия Улуттар Уюмунун Ливандагы бейпилдик операциясына кошула турган болду. Кечээ өлкөнүн парламенти өкмөттүн өтүнүчүнө ылайык,бул маселени талкуулап, жактырды. Улуттар Уюму Түркиянын демилгесине мусулман өлкөлөрү да кошулуп, эл аралык контингенттин тең жарымын толуктайт деп үмүттөнүүдө, бирок азырынча Ливанга аскер жөнөткөнгө ынтызарланган мусулман өлкөлөрү аз болууда.

Ливанга Түркия канча аскер жөнөтөрү так эмес. Өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулла Гүл парламентте талкуулар башталар алдында түрк контингенти миң солдаттан ашпайт деп айткан эле. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен башка ырасмий өкүлдөр регионалдык стабилдүүлүккө Түркия өз салымын кошушу керек деп эсептешет. Анкара анын үстүнө Израил жана Ливан менен жакшы алакада.

Ливанга аскер жөнөткөнгө оппозициядагы депутаттар, азыркы башкаруучу партиянын айрым мүчөлөрү каршы болушту. Калктын көпчүлүгү да түрк солдаттары Ливанда израилдиктер менен америкалыктардын кызыкчылыгына кызмат кылат, боордош мусулмандарга - өздөрүнүн диндештерине каршы ок атып калат деп эсептешет.Көп миңдеген анкаралыктар кечээ эртелеп демонстрацияга чыгып,депутаттарды өкмөттүн өтүнүчүн четке какканга чакырышты. Демонстрацияга катышкан айрым топтор Түркияны Жакынкы Чыгыштагы сормо сазга тартып жатышканын айтышты. Премьер Эрдоган түрк солдаттары “Хезболла” уюмун куралсыздандырууга катышпайт, мындай болгон күндө алар токтоосуз түрдө Ливандан чыгарылат деп ишендирди.

Мусулман өлкөлөрүнөн Түркиянын демилгесине кошула тургандар азырынча аз. Өткөн аптада Индонезия, Малайзия, Бангаладеш гана Ливанга тийиштүү аскер контингентин жөнөтө турганын ырасташкан. Азербайжан да бул миссияга кошулганга макул болду, маселе жакынкы күндөрдө парламентте каралат.

Ал эми арап өлкөлөрүнөн эл аралык миссияга жалгыз Катар гана кошулууну чечти. Дүйшөмбү күнү Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан менен жолуккан кезде өлкөнүн тышкы иштер министри шейх Хамад ал-Тани Катар өкмөтү эл аралык бейпилдик күчтөрүнө 200-300 солдат жөнөтөрүн айткан эле. Калган арап өлкөлөрү азырынча үн ката элек.
Ливандагы бейпилдик операциясына негизинен европалык өлкөлөр катышууда. Италиядан келген отряддар жайгаштырыла баштады. Рим баары болуп 3 миң,Франция - эки миң, Испания - бир миң аскер жөнөтөт. Алардан тышкары операцияга Польша жана Бельгия да катышат.

XS
SM
MD
LG