Жаңыбай Асранов Ош облусунун мурдагы губернатору Адам Закировдун учурунда да, азыркысы Жантөрө Сатыбалдиевдин тушунда да өз алдынчалык мүнөзү үчүн запкы жеп, көптөн бери куугунтукталып жаткандыгын билдирди:
- Азыр жаңыдан шайланган облустун губернатору уюштуруп, ошол эле убакта Бишкекте мурдагы таасири күч жетекчилер уюшуп кылган иш. Атайын заказ уюшутурулуп жаткандыгын элдин баары эле билет.
Учурда аталган акимдин үстүнөн козголгон үч кылмыш иши Ош облустук прокуратурасында каралып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев өз кезегинде аким Асрановдун анын дарегине айткан сөзүндө негиз жок деп билдирди:
- Саясий буюртма жок. Анын үстүнөн кылмыш иши козголгонуна жергиликтүү бийликке ишине нааразы болуп элдер арыз менен кайрылышып, конфликт болгон. Ошонун негизинде гана облустук прокурор үстүнөн иш козгогон. Туура эмес иштери жөнүндөгү фактылардын негизинде иш козголду.
Ушул жылдын май айында аким Жаңыбай Асранов президенттин буйругу менен иштен алынып, бирок Ошко чейин келишкен анын жактоочуларынын талабынан соң кызмат ордуна кайрадан коюлган эле.