Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

БИЙЛИК: КОНДОГОПАДАГЫ БАШАЛАМАНДЫК СЫРТТАН АТАЙЫ УЮШТУРУЛГАН


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Карелиялык шаарча Кондопогада мурунку түнү да спорттук мектепти өрттөө аракети жасалган. Жетинчи күнгө караган улуттар арасындагы тирешүү басылбай атканын айтышат. Ал жаңжал мурунку аптада орус жана чечен улутундагы тургундар мушташынан башталган. Анализчи Клейр Биггдин болжолунда Кондопогадагы кагылышты радикалдык улутчул топтордун өөрчүтө башташы өлкөнүн башка аймактарына да анын жайылып кетишин пайда кылыш ыктымал. Карелиянын прокуратурасы башаламандыкты жумурияттан сырткары кимдир бирөөлөр тараптан атайылап уюштурган деп эсептейт.

Болгону 35 миң калкы бар Кондопогада 30-августта «Чайка» ресторанында чыккан мушташта жергиликтүү эки тургун өлгөндөн кийин көчөгө эл дүрбөп чыгып чаң салышкан. Алар «славян түстүү эместерди, баарыдан мурда, кавказдыктарды кууп салуу» талабын коюшкан. Ошондон улам ал калаадан көчүрүлүп чыккан 30дан ашуун чечендин бүлөсү азыр «Айна» туристтик лагеринде күнү-түнү кайтарык астында баш калкалап турушат экен.

Алардын качып чыгышына жергиликтүү калктын кавказдыктарга каршы уюштурулган талоону, алар иштеген жерлерин, мүлктөрүн талкалап, өрттөп салышы түрткү болгон.

Кечээ Петрозаводск калаада жумурияттын баш прокурорунун орун басары Петр Клемешев Кондопогадагы башаламандыкты «Мыйзамсыз иммигранттарга каршы кыймыл» уюштурган деди. Ошол эле учурда ал кыймыл жетекчиси Александр Белов журналисттер алдында кишилерди эч ким көчөгө чакыргын жок, алар өздөрү бийликке талап коюш үчүн көчөгө чыкты деди:

«Талап жөпжөнөкөй. Азыр көчүп кеткиле! Сиздерге 24 сааттык мөөнөт берилет! Эмне себептен? Биринчиден алар (мигранттар – ММ) самсып келе беришип басып кетишти! Экинчиден – тажатып болушту, жетишет!», - деп жооп берген.

«Экспертиза» корунун саясатчысы Марк Урнов баамында, орусиялык саясий элита канатынын астына катпаганда анда «Мыйзамсыз иммигрантарга каршы кыймыл» сыяктуу уюм жок болот болуучу.

«Буга окшогон ашынган улутчулдар (башкаларга – ММ) кыр көргөзүүсү кремлдик саясий технологдор үчүн керек. Алардын айгагы менен эл ортосаал саясат жүргүзгөн бийликтин, президент Путиндин тегерегине чогулат деп эсептешет. Ал ошон үчүн керек», - дейт Урнов мырза.

«Кавказ түйүнү» сайты кечээ жазганга караганда Петрозаводскиге Чеченстан жумуриятынын делегациясы келип түшкөн. Андан мурунку күнү өкүмөт башчы Рамзан Кадыров чечендер менен орустар ортосунда кагылышты учурунда тыйып кое албады деп карелдик бийликке катуу сын айткан.

Карелиянын губернатору Сергей Катанандов ал калаада кагылыш акыры бир чыгарын мурда эле билгенин жана анын мынчалык уу-чуу салат деп ойлобогонун айткан. Кондопогада болсо түнкатып чоочундар жашап иштеген жайларды өрттөө уланып атат.

ИНТЕРФАКС 6-сентябрда маалымдоо таркатты. Анда алдыңкы түнү Кондопогадагы өрт коюлган спорттук мектепте Борбораpиялык бир нече бүлө жашачу экен, өрт аларга багышталган экен деп жазат.

XS
SM
MD
LG