Кабулда ооган президенти Хамид Карзай менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Первез Мушарраф эки өлкөнү жалпы душманга – эл аралык терроризмге каршы жарнакташып күрөшүп, ошол эле учурда боордоштук мамилелерин сактап калууга чакырды. Мушарраф Кабулга достукту бекемдеп,өз ара ишенимди чыңдоо үчүн келгенин айтты. Пакистан менен Ооганстан тарыхый жактан өтө тыгыз байланышкан өлкөлөр,бир жактын ийгилиги же проблемасы дароо экинчи тарапка таасирин тийгизет, деп айтты Мушарраф.
Мушарраф азыркы учурдун эң башкы милдетин эки коомду тең “талибандаштыруудан” сактап калуудан көрөт. Бирок муну жалаң аскери ыкмалар менен гана жасоого болбойт. Талиптердин идеологиясы адамдардын жандүйнөсүнө кирип жатат, ошондуктан бул маселеде, Мушаррафтын айтымында, башка да тарыйкалар керек.
Пакистан ооган талиптерин колдоодон ырасмий түрдө 2001-жылы баш тарткан, ошондон тартып өлкөнүн аймагында алардын базасы жок деп ырастап келген. Быйыл февралда Кабул талиптерге тиешеси бар 150 адамдын тизмесин Исламабадга берген,бирок Мушарраф бул тизмени эскирген иш деп четке каккан.
Кабулдагы маалымат жыйынында Мушарраф Пакистан тарабы “Талибан” менен “Ал-Каиданын” лидерлери Омар молдо менен Усама бин Ладенди жашырып жатат имиш деген каңшаар-кайбаттарды кайрадан четке какты. “Тилекке каршы,экөө тең азыр колго тие элек, бирок мындан улам Пакистан бийликтери, анын ичинде чалгындоо кызматтары аларды тымызын калкалап,катып жатат деп тыянак жасоого болбойт”, - деп айтты Мушарраф.
Пакистан президентинин визити үч күнгө созулат. Бүгүн тараптар соода-экономикалык, маданий байланыштарга тиешелүү маселелерди талкуулашат.
Мушаррафтан мурда Кабулда НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер да болуп, президент Карзай менен учурдагы жагдайды талкуулады жана тараптар коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. НАТОнун күчтөрү жана ооган армиясы ушу тушта түштүктө талиптерге каршы ири масштабдуу операцияларды өткөрүп жатат. Кандагарда элүүдөн ашуун жаңгер жок кылынды. Ал эми Гилменд провинциясында британдык үч солдат мерт болду. Экөө уруш маалында окко учту, үчүнчүсү минага жарылып жан берди. Өткөн аптада оор жарадар болгон дагы бир британ солдаты ооруканада каза тапты. Өлкөнүн бир катар райондорунда тыйылбай жаткан кооп-козголоңдор НАТОну өз озуйпасын аткаруудан айныта албайт, деп айтты альянстын баш катчысы.