Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:33

ЦРУнун ЖАШЫРУУН ТҮРМӨЛӨРҮ БАР ЭКЕНИН БУШ МОЮНГА АЛДЫ


Президент Жорж Буш ЦРУнун жашыруун түрмөлөрү бар экенин моюнга алды жана муну улуттук коопсуздук зарылдыгы менен түшүндүрдү. Мындай абактарды европалык саясатчылар бир нече курдай сынга алышкан эле. 11-сентябрдагы окуялардын беш жылдыгы алдында агынан жарылган Буштун бул билдирүүсүн эл аралык Human Rights Watch уюму кубаттады.

ЦРУнун жашыруун абак жайлары барлыгын мурда АКШ өкмөтү караманча танып келген. Бул үчүн президент Буш кечирим сураган жок. “Иштин көпчүлүк өңүттөрүн, айрыкча айыпкерлердин кайда кармалганын айтууга болбойт, анткенде душманга маанилүү маалымат берген болобуз, муну алар союздаштарга жана бизге каршы пайдаланышы мүмкүн”,- деп белгиледи Буш. Анын айтымында, сурак учурунда туткундардан террорчулардын пландары маанилүү маалыматтар алынган. Натыйжада алар камданган бир катар кыянат-кыргындар үзгүлтүккө учурап, муну менен көптөгөн адамдардын өмүрү сакталып калды.

Буларга кошумчалап Буш жашыруун жайларда отурган он төрт террорчу Гуантанамодогу лагерге жөнөтүлгөнү жатканын маалымдады. Алардын арасында, айрым маалыматтарга караганда, “Ал-Каиданын” үчүнчү төбөлү эсептелген Халид Шейх Мохаммед менен бин Ладендин чабарманы Абу Зубейда бар. Экөө тең мындан үч-төрт жыл мурда Пакистанда колго түшкөн.

Буш туткундарды кыйнап, суракка алышкан деген ырастоолорду четке какты. “АКШда кыйноо ыкмалары колдонулбайт, бу биздин мыйзамдарга жана принциптерге кайчы келет. Мен мындайга уруксат берген эмесмин жана бербейм”, - деп ырастады Буш. Ошол эле учурда суроо-сопкут иштери катаал болгонун да танган жок.

ЦРУнун жашыруун түрмөлөрү тууралуу эмне үчүн азыр ачык айтып жатканын Буш эки себеп менен түшүндүрдү. Биринчиден, тергөө-сурак иштери аяктады. Экинчиден, Жогорку сот мындан үч ай мурда террорчу деп шектенткен айыпкерлерди жоопко тартканы аскери трибуналдарды пайдаланганга тыюу салган. Буга байланыштуу Буш конгресске кайрылып, террорго каршы күрөшүп жаткандардын укуктарын таасын-так аныктаган мыйзам кабыл алууну суранганын билдирди. Андан бир күн мурда Пентагон туткундарга мамиле жасоонун жаңы эрежелерин бекитти. Бул эрежелерде туткундагылардын укуктары Женева келишимине ылайык корголо турганы көрсөтүлгөн.

11-сентябрдагы балааматтардын беш жылдыгы алдында жарыя кылган Буштун кечээки билдирүүсүн эл аралык Human Rights Watch уюму кубаттады. Буга Вашингтондук адвокаттар тобунун директору Томас Малиновский да кошулду. Акыркы кездери Американын кадыр-баркы катуу мертингенин айтып, Малиновский террорго каршы күрөштө, мусулман дүйнөсүнө мамиле жасоодо адам укуктарын урматтаган аракеттер аркылуу гана өлкөнүн беделин кайра бекемдөөгө болорун, президент муну түшүнүп, туура иш кылганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG