Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

ИЛГЕРИ ҮМҮТ, ИЗДӨӨ УЛАНУУДА


7-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы авиабазасынын колбашчысы Жоел Скот Рис маалымат жыйынын чакырып 5-сентябрдан бери дарек-дайыны белгисиз Жил Мецгерди издөө улантылып жатканын билдирди.

«Манас» абамайданында жайгашкан АКШнын аба базасынын - 376-авиа экспедициялык канаттын колбашчысы полковник Жоел Скот Рис үч күндөн бери издөө улантылып, дарек-дайынсыз жоголгон Жил Мецгер айымды табуу үчүн колдон келген аракеттердин баары жасалып жатканын билдирди.

- Жергиликтүү мыйзам сактоо органдары менен биргеликте майор Мецгерди биз үч күндөн бери издеп жатабыз. Биз анын аман-эсен иштеп жаткан жерине кайрылып келиши үчүн колдон келген аракеттин баарын жасайбыз.

Жоел Скот Рис кыйын кырдаалда аркыл божомол-жоромолго ишенбей, жоголгон аскер кызматкерин издөөчүлөргө жардам берүү керектигин айтты.

- Мен үчүн баарынан маанилүүсү – эксперттерди аркыл жоромол-божомолдорго алаксытпай, өз ишин жакшы иштөөсүнө мүмкүндүк берүү.

Майор Жил Мецгер айымдын кызмат мөөнөтү аяктап калган. Ж.Рис бирок анын качан АКШга кайтары белгисиз экенин маалымдады. Абамайдандын жоокерлеринин бош убакта Бишкекке жана башка жакынкы жерлерге айтып коюп барып келишине эч кандай тыюу салынчу эмес.

«5-сентябрь күнү Айчүрөк дүрдүйнө дүкөнүнө келген маалда Жил Мецгердин чөнтөгүндө көп акча бар беле», деген суроого Ж.Рис жооп бере албасын айтты. Бирок да, аскер аба базасынын кызматкерлер менен иштешүү бөлүмүнүн башчысынын жоголуп кетишинен кийин кызмат иштери боюнча гана сыртка чыкпаса, аскерлердин баштагыдай сыртка эркин чыгышына чек коюлганын маалымдады. Бирок бул аба базанын жетекчисинин айтуусунда, кызматкерлердин баскан-турганын чектөө дегенди түшүндүрбөйт.

- Мецгер айым жоголгондон кийин «Манас» абамайданында жайгашкан абабаза катаң эреже-шарттарга өткөн жок. Анын кандай себептен улам дайынсыз жоголгону белгисиз. Ал себепти биз да билгибиз келет,- дейт Жоел Рис.

7-сентябрда АКШнын Кыргызстанда жайгашкан аскер аба базасынын пресс-кызматы Кошмо Штаттардын аскер аба күчтөрүнүн атайын кызмат адамдары менен кыргызстандык мыйзам сактоо органдары биргелешип Жил Мецгерди издеп жатышканын маалымдады.

Океандын ары жагынан келген адистер - 22 адамдан турган атайын агенттер менен аларды колдоо тобу, кыргызстандык ички иштер кызматкерлери мерчемдүү жерлерди текшерип, издөөнү улантышууда.
XS
SM
MD
LG