Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:56

ТЕРРОРГО КАРШЫ КҮРӨШ ЖАКЫНДА БҮТПӨЙТ


Жаныл Жусубжан даярдады 2001-жылдын 11-сентбярындагы чабуулдардан берки беш жылда Кошмо Штаттары президент Буш айткан "терроризмге каршы глобалдык согушка" 430 миллиард доллар жумшады. Бул согуштун жакында бүтөөрү байкалбайт, ал Вашингтон жүргүзгөн согуштардын эң кыйыны болуп калат шекилдүү. Терроризмге каршы согуш кайда баратканын Азаттыктын кабарчысы Эндрю Тулли АКШнын Мамлекеттик департаментинин мурдагы чалгын аналитиги Энтони Кордесмандан сураган эле.

-Террорго каршы согуштун маңызы эмнеде жана ал канчага созулат?

-Эч ким бул күрөштүн канчага созулаарын айта албайт. Бул биринчи кезекте Исламдын өз ичиндеги, айрыкча Жакынкы Чыгыштын ички идеологиялык кармашы. Кошмо Штаттарынын ага анча-мынча гана тийешеси бар. Биз террорчулуктун башкы бутасы - Кошмо Штаттары деп айтабыз, бирок иш жүзүндө бул топтор Кошмо Штаттарын багындырыш үчүн эмес, Исламга, Исламдык өлкөлөргө, айрыкча араб өлкөлөрүнө өз көзөмөлүн орнотуу үчүн күрөшүп келишет. Ошондуктан, бул түйүндүн качан жандырылаарын божомолдоо мүмкүн эмес.

- Бул согуш узакка созулат деп айтсак туура болобу?

– Бул кыймылдар элдин ишениминен чыгып калабы жокпу, көп нерсе ушуга байланыштуу болмокчу. Бирок алар көздөгөн максаттар мамлекет башкарууга ылайыкташкан эмес, алардын эффективдүү экономикалык саясат жүргүзө алаары күмөн.

Мындан тышкары), алар экстремисттик турумунун айынан, алтургай Саударавия сыяктуу өлкөлөрдө колдоодон ажырап калышууда. Көп нерсе Батыштын саясатына эмес, Ислам өлкөлөрүнүн жетекчилери менен динаятчыларынын саясатына, араб жана мусулман дүйнөсүнүн иш-аракетине жараша болот.

Эгер алар бул кыймылдарга каршылык көрсөтүүнүн таасирдүү жолун табышса, элине мамлекет башкаруунун азыркыдан жакшыраак формасын сунуш этип, экономикалык жана социалдык үмүт жарата алса, берки кыймылдар өздөрүнөн өздөрү жок болуп, же аларды салыштырмалуу кыска убакта теске салууга мүмкүн болот.

Бирок эгер өкмөттөрдүн ишинде өзгөрүш болбосо, бул кыймылдар өсүп, күч алып, же ырк бузган күч бойдон белгисиз мөөнөткө чейин жашай берээри анык.

- Силер айткандай Исламдын ички күрөшүндө Батыш борбордук орунду ээлебей тургандыгын, биз террочу дегендер алардын түшүнүгүндө диний реформачылар экендигин Батыш өлкөлөрү аңдашабы?

- Айрымдары түшүнөт, бирок эң курч проблемалар ушундан болуп жатат – биз биздин баалуулуктар универсалдуу, Жакынкы Чыгышка, Ислам дүйнөсүнө, Чыгыш Азия элдерине да жарай берет деп ойлойбуз. Орток баалуулуктар акырындык менен түптөлөт. Плюрализм күч алып, экономикалык теңчиликке көбүрөөк көңүл бурулат. Бирок бүгүн айрымдар бөлөк баалуулуктарды, бөлөк динди карманган алыскы жерлерде Батыш жеңип чыгат деп ойлошот. Мындай ойлогондор терең жаңылышат.

- Өз баалуулуктарын универсалдуу деп эсептегендер бар дедиңиз. Алар кимдер?

- Баарынан кызыгы, өз баалуулуктарын бүт дүйнө кабыл алат деген адамдардын өтө ар кыл топтору бар. Булар - жалгыз гана Буш администрациясы же неоконсерваторлор эмес. АКШнын оппозициядагы Демпартиясында да ушул көз караштагы көп кишилер бар. Адам укуктары кыймылында да терроризмге каршыккан, ошол эле убакта өздөрүнүн баалуулуктары универсалдык жана дароо кабыл алынат же кабыл алынышы керек деп эсептегендер көп. Бир маданияттын адамдары башка маданияттарды түшүнүүдө кыйналышат жана өздөрүнүн салт-санаалары универсалдык жана башкаларга таңуулаш жеңил деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG