Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 05:11

ГРУЗИЯДА ТӨНКӨРҮШЧҮЛӨР ДЕП 26 КИШИ КАМАККА АЛЫНДЫ


Жаңыл Жусубжан Грузияда 6-сентябрда полицияга карматпай жүргөн мурдагы Улуттук коопсуздук министри Игор Георгадзенин колдоочулары деп шектелген 29 киши камакка алынды. Алардын 14үнө чыккынчылык кылган жана грузин жетекчилигин кулатып, Георгадзени бийликке алып келүү үчүн кутум уюштуруп жаткан деген айып коюлду.

Грузиянын жетекчилери коюлган айыптарга айныксыз фактылар бар деп ырастап, пландалган кутумду Орусия каржылаган деген божомолдорун айтышууда. Ички иштер министри Вано Мерабишвили камакка алуулар негиздүү болгон деп ырастады:

Бул кишилер Грузиянын өкмөтүн кулатып, Грузияга Гиоргадзени алып келүүнү пландаган деген маалымат, шектенүү бар. Ички иштер министрлигинин Конституциялык Коопсуздук бөлүмү бул топтор менен бир нече айдан бери иштеп, алардын күнөөсүнүн далилдерин чогултту. Бизде буларды соттош үчүн жетиштүү фактылар бар.

Георгадзе 1995-жылы ошол кездеги парламент спикери Эдуард Шеварднадзени машина жардыруу аркылуу жок кылууга аракеттенген деп айыпталган. Ошол бойдон, анын кайда экени белгисиз. Ошого карабастан, жарышынган жеринен Георгадзе соңку камакка алууларды "саясий репрессия" деп айыптады.

56 жаштагы Георгадзе советтик доордо КГБда кызмат кылган, кийинки кездери орус маалымат каражаттарына улам кайра интервьюларды берип, алгач Шеварднадзенин, кийин азыркы президент Михаил Саакашвилинин сындап келди. Ал грузин эли "мени колдойт" деп ырастаганы менен Грузияда жашаганы далилденбегендиктен, кийинки 6 жылдагы шайлоолорго катыша алган жок. Орусияда сурамжылоого ылайык, орусиялыктардын кеминде 40 пайызы Саакашвилинин ордуна Георгадзе келет деген ишенимде экен. Саакашвили бирок өзүн бийликтен четтеттүү аракети ишке ашпайт деп бекем ишенет. Польшада өтүп жаткан экономикалык форумда 6-сентябрда ал: – Камалгандар колу менен кылганын мойну менен тартышат, эми алардан бизге коркунуч жок" деп айтты.

Грузин бийликтери Орусия Гиоргадзени кармап бербесе да, кур дегенде орус маалымат каражаттарын өз кызыкчылыгында пайдаланышына бөгөт кое албайт деп нааразы, Тбилиси өкмөтүндөгүлөр ал Маскөөдө КГБнын мурдагы кызматкерлеринин колдоосуна ээ деп шектенишет.

Георгадзенин атындагы соопчулук корун жетектеген Ирина Саришвили-Чантурия төңкөрүш аракети тууралуу айыптоону негизсиз деп четке какты. Бирок мындай айыптарды далилдеген фактылар ачыкка чыкмайынча, камакка алуулар тууралуу ар кандай божомолдор айтыла берээри турулуу.

XS
SM
MD
LG