Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ БИЙЛИКТИН ПРОВОКАЦИЯСЫНА ЧАЛЫНДЫБЫ?


Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин баңгизат менен кармалышын укук коргоочулар бийликтин тукуруусу астында атайын кызматтар жасаган провокация деп баалашууда. Өмүрбек Текебаев 6-сентябрда Варшаванын аэропортунда баңгизат менен кармалган. Чекарада текшерүү учурунда анын алып бараткан жүгүнөн 595 грамм героин чыкканы тууралуу кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги расмий маалымат тараткан эле. Жогорку Кеңеш депутаттын кармалган окуясын бүгүнкү жыйынында биринчи иретте карамакчы.

Өмүрбек Текебаев Польшага эл аралык экономикалык жыйынга катышуу үчүн бараткан эле. Баңгизат менен кармалган соң ал Варшаванын округдук прокурорунун буйругу менен кырк сегиз саатка убактылуу абакка отуругузулду. Депутатка баңгизаттарды жашыруун алып жүргөн жана ташыган деген айып коюлууда.

Өмүрбек Текебаевдин минтип кармалышы тууралуу маалымат кыргыз коомчулугуна кечээ кечке жуук тарады. Ошол замат парламенттин бир катар депутаттары чукул чогулуш өткөрүп, ага чакырылган тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Польшада Кыргызстандын элчилигинин кеңсеси жоктугунан Варшавага Кыргызстандын Беларустагы элчиси Лидия Иманалиева жөнөп кеткенин маалымдады. Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев туш болгон кырдаалды териштирүү үчүн кыргыз бийлиги бардык аракеттерди көрөт, парламентарийдин кызыкчылыгын коргоо үчүн тажрыйбалуу адвокаттар тартылмакчы.

Депутаттар бул чукул жыйынында маселени жеринде иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү жана 3 депутатты Варшавага жөнөтүү жөнүндө чечимге келишти.

Ушул эле күнү кечкурун бир катар бейөкмөт уюмдар ЕККУнун Бишкектеги кеңсесине чогулушту. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов бийликке оппозицияда болгон таанымал депутаттын кармалышын Кыргызстандын атайын кызматтарынын Текебаевди каралоо максатында жасаган иши катары баалайт:

- Биздин оюбузча, бул Кыргызстандын атайын кызматтары уюштурган провокация. Оппозиция лидерин жаманатты кылуу максатында жасалган иш. Бирок мындай провокация эч кандай натыйжа бербейт деп ойлойбуз.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова ду ушундай эле пикирде:

- Бул атайын Текебаевди каралоо үчүн жасалган иш экенинен биздин эч кандай күмөнүбүз жок.

Эдил Байсалов эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен жолугушуулар болуп жатканын, Текебаев туш болгон окуя саясий провокация экенин түшүндүрүү аракеттери жасалып жатканын белгиледи.

Ал эми «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев укук коргоочулардын минтип чуу көтөрүшүн туура көрбөйт:

- Муну биздин атайын кызматтар уюштурду деген - нонсенс. Эч нерсени билбей эле Текебаевди актап киришет булар.

Кыргызстандын президентинин карамагындагы Адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун да бул окуяны провокация деп эсептейт:

- Бул биз үчүн күтүүсүз кабар болду, мен муну провокация деп эсептейм. Текебаев эч качан баңгизат менен алектенген эмес. Мен аны 16 жыл бирге жүргөн саясий өнөгү катары жакшы билем. Кыргыз бийлиги аны тез арада бошотууга аракет кылбасак уят болобуз.

Турсунбек Акун ошондой эле президенттик администрациянын башчысы М.Абдылдаев эртең тышкы иштер министрлиги менен баш прокуратуранын мыкты адистеринен турган топ Польшага Ө. Текебаевди коргоо үчүн аттандырылаарын өзүнө айтканын маалымдады.

"Атамекен" партиясы болсо өз төрагасынын Польшада кармалышын Кыргызстандын бийлиги жасаган кыянатчылык катары баалап чыкты. Партиянын Жалалабат облусундагы бөлүмүнөн Текебаевди коргоо штабы уюшулуп, депутаттын жактоочулары нааразылык акцияларын баштамакчы болуп жатканын билдиришти.

Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG