Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

КЫРГЫЗ БИЙЛИКТЕРИ ТЕКЕБАЕВДИ БОШОТУУ АРАКЕТТЕРИН БАШТАДЫ


Кыргызстандын бийлик башчылары Варшавада камакка алынган депутат Өмүрбек Текебаевди бошотуу чараларын көрүүгө киришти. Варшавага Кыргызстандын Беларустагы элчиси Лидия Иманалиева жөнөп кетти. Бул жакка бүгүн депутаттык комиссия мүчөлөрү учканга камданууда. Президент Курманбек Бакиев Текебаевге укуктук жана дипломатиялык жардам берүү үчүн ТИМ менен Башкы прокуратуранын биргелешкен комиссиясын түзүп, Польшага жөнөтүү жөнүндө буйрук берди.

Оппозициялык лидер Өмүрбек Текебаевдин баңгизат менен кармалышы Кыргызстанды үч көтөргөн окуяга айланды. Бул окуяга кайдыгер калган киши жок, баарысы кызуу талкууга алууда. Кыргыз парламенти бүгүнкү жыйынында депутаттык комиссия түзүп, Текебаевдин башына түшкөн мүшкүл ишти кылдат териштирип чыгууну тапшырды. Комиссиянын үч мүчөсү бүгүн эле Варшавага учкан жатышат.

Президент Курманбек Бакиев бүгүн эртең менен мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровду жана өзүнүн администрация башчысы Мыктыбек Абдылдаевди кабыл алып, Текебаевдин тегерегиндеги окуялар жөнүндө маалымат укту. Президент ТИМ менен Башкы прокуратуранын биргелешкен комиссиясын түзүп, Өмүрбек Текебаевге укуктук, дипломатиялык жардам көрсөтүү үчүн Варшавага жиберүү жөнүндө буйрук кылган.

Премьер-министр Ф. Кулов Өмүрбек Текебаевдин күнөөсү жок экенине жүз пайыз ишене турганын билдирүүдө. «Ал кимдир бирөөнүн ыплас провокациясына туш болгонунан кенедей да шек санабаймын»,- деп айткан премьер-министр Феликс Кулов Өмүрбек Текебаевдин кармалышы жөнүндө маселеге токтолуп. Премьер-министр окуянын чын-бышыгын териштирүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө сунуш кылып президентке кызмат катын жибере турганын белгилеген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таркатты.

Текебаевдин камалышы өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалдын кескин курчушуна алып келди. Жалалабатта Текебаевди коргоо боюнча штаб түзүлүп, бүгүн төрт жүздөй адам Бишкек-Ош кан жолун Базар-Коргон районунан түшкө чейин тосуп жатышты. Эртенки саат тогузга чейин бийлик Текебаевди бошотуу чараларын көрбөсө, алар областтык акимчиликти басып алышарын эскертип таркашты.

Ал эми Ош шаарында “Ата Мекен” партиясы Текебаевдин кармалышы үчүн бийликти айыптаган митинг өткөрдү. Областтык акимчиликтин алдында өткөн митингинин катышуучулары Текебаевдин баңгизат менен кармалганын бийликтин ыплас аракеттеринин натыйжасы деп белгилешти. Алардын пикиринде, бийлик ушундай каралоочу аракеттер менен атаандаштарын саясий аренадан сүрүп чыгарууну максат кылууда. Атамекенчилер коомчулукту бийликтин караниет аракеттерине моюн сунбай аларга каршы чечкиндүү күрөшүүгө үндөгөн кайрылуу кабыл алышты.

Депутат Таирбек Сарпашев бүгүн парламент жыйынында Өмүрбек Текебаевдин багажы аэропорттон эле ачылып жабылган болушу ыктымал деген билдирүү жасады.

Анын сунушу боюнча депутаттар Текебаев «Манас» аэропортунда жүгүн тапшырып жаткандагы тартылып алынган видеоматериалдарды көрүп чыгышты. Видеотасмада аэропортто депутаттык залдын кезмет начальниги депутаттын чемоданын белгисиз жакка алып кетип, 14 мүнөттөн кийин кайта алып келгени жазылып калган. Багаж ошондон кийин самолетко тапшырылган. Сарпашевдин айтымында, Текебаевдин чемоданы айтылган убакта чегарачынын же милиционердин колунда болуп келиши ыктымал.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 6-сентябрда Варшавада Польшанын чекара кызматкерлери тарабынан баңгизат менен кармалган. Чекарада текшерүү учурунда анын алып жүргөн жүгүнөн 595 грамм героин чыккан. Окуянын чын экенин ырастап Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги расмий маалымат тараткан.

Өмүрбек Текебаев Варшаванын округдук прокурорунун буйругу менен СИЗОго камалган. Депутатка баңгизаттарды жашыруун алып жүргөн жана ташыган деген айып коюлууда.

Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG