Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ КАМАКТАН БОШОТУЛДУ


Варшавада баңгизат менен кармалып камалган кыргыз парламентинин депутаты Өмүрбек Текебаев бүгүн бошотулду. Бул жөнүндө «Азаттыкка» кыргыз парламентинин вице-спикери Эркин Алымбеков жана Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Асылбек Текебаев атайы билдиришти. Бул окуяны сүйүнчүлөп «Ата Мекен» партиясы билдирүү таркатты. Ө. Текебаевдин камалган жагдай себептерин териштирүү үчүн Варшавага бүгүн Кыргызстандын Белорусиядагы элчиси Лидия Иманалиева учуп барган. Бирок, ал Текебаевдин кандай иш-аракеттердин натыйжасында бошогондугун айткан эмес. Текебаев өзүнүн акыбалы жакшы экенин, Бишкекке учуп келери менен болгон окуя тууралуу дароо маалымат жыйынында билдирүү жасарын белгилеген. Депутат Темир Сариев Польшанын расмий бийликтери КР Жогорку Кеңешинин депутаты, «Реформа үчүн» кыймылынын лидери Өмүрбек Текебаевден кечирим сурашканын кабарлады.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 6-сентябрда Варшавада Польшанын чекара кызматкерлери тарабынан баңгизат менен кармалган. Чекарада текшерүү учурунда анын алып жүргөн жүгүнөн 595 грамм героин чыккан. Өмүрбек Текебаев Варшаванын округдук прокурорунун буйругу менен СИЗОго камалып,ага баңгизаттарды жашыруун алып жүргөн жана ташыган деген айып коюлуп жаткан.



Кыргыз парламентинин бир катар депутаттары жана укук коргоочулар Текебаевдин баңгизат менен кармалышын бийликтин тукуруусу астында атайын кызматтар жасаган кыянат провокация деп билдирүү жасашкан. Президент Курманбек Бакиев Башкы прокуратура менен Тышкы иштер министрлигинин биргелешкен комиссиясын түзүп, Текебаевге укуктук жардам көрсөтүү үчүн Варшавага жөнөткөнү жаткан. Парламент дагы депутаттык комиссия түзүп, алты депутат Польшага барганга камданып атышкан болчу. Текебаевдин шайлоочулары Жалалабат областында бул инцидент үчүн бийликти айыптап, Бишкек-Ош кан жолун тосуп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG