Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

ПАКИСТАН ӨКМӨТҮ ТАЛИБДЕР МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗГӨНҮ АР БАШКА КАБЫЛ АЛЫНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Пакистан өкмөтү менен Талибан кыймылынын өкүлдөрү ортосунда касташууну токтотуу боюнча келишим түзүлгөнү эксперттер арасында ар башка пикир жаратууда. АКШ жетекчилиги ал тууралуу тынчсызданбаганын билдиргени менен, айрым байкоочулар андай келишимге кол коюлганын - Вашингтон менен Исламабаддын талибдерге карата мамилеси ар башка экенин көрсөткөн окуя деп айтып жатат.

Пакистандын айтымында, келишим 5-сентябрда өлкөнүн Түндүк Вазиристан деген провинциясынын борбору Миран Шах деген шаарда түзүлгөн. Ага Пакистан өкмөтүнүн өкүлү жана Талибан кыймылын колдогон жергиликтүү куралчандар тобунун жетекчилеринин бири кол койгон. Келишимдин шарттары боюнча, жергиликтүү калк чет өлкөлүк лашкерлерге жардам көрсөтпөш керек, чек ара тартиби бузулбоого тийиш, чек ара аймагында жашаган уруулардын куралчандары болсо өкмөт өкүлдөрүнө, журналисттерге жана жергиликтүү жетекчилерге кол салбаш керек. Ал эми өкмөт өзүнө - чек ара аймагында жайгаштырылган аскерлердин санын кыскартууга жана өзүнүн аскерий аракеттерин азайтууга милдеттенме алат. Буга чейин Пакистан жетекчилиги менен Талибан ортосунда эч кандай келишим түзүлгөн эсмес.

6-7-сентябрда Пакистан президенти Первез Мушарраф кошуна Ооганстанга келип, Кабул шаарында ооган президенти Хамид Карзай менен эки жолу жолукту. Карзайдын айтымында, талибдер менен андай келишим түзүлгөнүн ага Мушарраф өзү айтты: "Пакистандын улуу-урматтуу президенти ал келишим тууралуу маалымат берди, келишим - террорчулар же Талибандын өкүлдөрү менен түзүлгөн. Анын негизги маңызы - алар эми чек ара аркылуу Ооганстанга кирбейт жана ооган элине каршы аскерий аракет көрбөйт. Бул кандай жыйынтыкка алып келээрин көрөбүз. Келишим аткарылса - жакшы. Аткарылбаса, анда башка чараларды көрүш керек", - деди Хамид Карзай Пакистан президенти менен жолуккандан кийин.

АКШ өкмөтүнүн айтымында, андай келишим түзүлгөнү тууралуу өтө деле тынчсыздануунун кереги жок. Бирок Вашингтон шаарындагы Эл аралык саясат борборунун эксперти Селиг Харрисондун айтымында, Пакистан жетекчилиги террорчулар менен келишим түзүп жатканы - Исламабад жана Вашингтондун Талибанга карата мамилеси ар башка экенин көрсөтөт жана Талибанга каршы күрөштө Пакистанга көп ишенбеш керек. Ооган маселелери боюнча эксперт Вахид Мужданын пикиринде, мындай келишим Ооганстанга пайда алып келбейт.

"Талибан" кыймылынын тарыхы боюнча китеп жазган Ахмед Рашиддин айтымында болсо, андай келишим аткарылаарына ишенүү кыйын: "Келишим - өкмөт өкүлдөрү жана жирга деп аталган уюм ортосунда түзүлгөн. Бирок ал жирганы жергиликтүү уруулардын лидерлери эмес, аскерий адамдар жетектеген. Ошондуктан аны чыныгы жирга деп атай албайсың. Экинчиден, сүйлөшүүгө чет өлкөлүктөр катышкан эмес. 'Ал-Каида', же чечендер, же өзбектер, же башка борбор азиялыктар сүйлөшүүгө келген эмес. Ошондуктан бул келишим кантип аткарылаарын биз билбейбиз", - дейт Ахмед Рашид.

Кабул шаарына келгенде президент Мушарраф - 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы ири террор аракеттери ишке ашырылганга чейин Пакистан талибдерге жардам көрсөтүп келгенин моюнга алган, бирок азыр, анын айтымында, абал такыр башка жана канча күнөө айтылса дагы, Пакистан азыр талибдер менен чындап эле согушуп жатат.

Пакистандын бир кездеги премьер-министри Беназир Бхутто болсо август айында франциялык "Фигаро" гезитинде атайын макала чыгарып, Пакистан азыр террорчулар отурукташкан мамлекетке айланып баратканы үчүн төңкөрүш аркылуу бийликке келген аскерий жетекчилерди жана генерал Первез Мушаррафтын өзүн күнөөлөдү.

XS
SM
MD
LG