Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 18:30

БАЗАРКОРГОНДО ТЕКЕБАЕВДИН ШАЙЛООЧУЛАРЫ МИТИНГ ӨТКӨРҮШТҮ


9-cентябрда Базаркоргон районунда депутат Өмүрбек Текебаевдин шайлоочулары менен "Атамекен" партиясынын мүчөлөрү митинг өткөрүштү. Алар экс-спикердин жүгүнө маңзат салган адамдарды кызматтан кетирүү талабын коюшту. Бул талап аткарылбаса президент Курманбек Бакиев кызматтан кетүүсү керек деген ойлорун айтышты. Жергиликтүү бийлик менен райондун айрым тургундары митингчилердин ой-пикири менен макул эмес.

Базаркоргон райондук бийлигинин алдында өткөн митингге "Атамекен" партиясынын Майлуусуу, Бишкек шаарлары менен облустагы мүчөлөрү, ошондой эле депутат Өмүрбек Текебаевдин 300гө жакын жактоочулары катышты. Алар Конституциялык реформа өлкөдө качан болот, Бакиев эл ишениминен кетти, дыйкандар абалына ким көңүл бурат деген жана экс-спикерди жактаган плакаттарды көтөрүшүп, Текебаевге байланыштуу окуяларга өздөрүнүн терс мамилелерин билдиришти. Партиянын өкүлү Шарипа Азаматованын пикири боюнча депутаттын кадыр-баркын түшүрүү үчүн бийликке караштуу адамдар анын жүгүнө маңзатын атайын салып коюшкан. Эл ишенимин актай албаганы үчүн президент Курманбек Бакиев кызматтан кетүүсү керек:

- Муну ким кылды? Муну аэропорттогу эле Үсөн Сыдыковдун баласы кылдырды. Элдин баарына белгилүү болуп турат анын баары, же болбосо Бакиевдин иниси кылдырды. Эч бир жашырбай-жаппай айтабыз. Бизди эмне кылып жиберет эле? Ушунча элди эч нерсе кылбайт. Биз шайлаганбыз, элге күйөт дегенбиз, күйбөгөндөн кийин, билмексен болуп кыдырып жүргөндөн кийин, мындай президенттин бизге кереги жок.

Митингде сүйлөгөндөр экс-спикерди жаман аттуу кылууга тиешеси бар "Манас" аба бекетинин жетекчисин кызматтан алуу талабын коюшту. Депутаттын Базаркоргон районундагы жардамчысы Сейит Кадырбеков, эгер жогорудагы талап аткарылбаса, Текебаевге тиешелүү окуяга бийлик аралашкан болот деген оюн ортого салды:

- Эгерде Бакиев "Манас" аэопортунун жетекчисин камабаса, кызматынан албаса, маңзатын салган үч жигитти камабаса, демек өзү кошо аралашкан. Билмексен болуп Түркияга кетип калган. Эгерде ошолорду камай турган болсо, биздин да үмүтүбүз болушу мүмкүн.

Партиянын Бишкектеги өкүлү Исабек Алдозов экс-президент Аскар Акаев Кыргызстандан кеткенден бери Өмүрбек Текебаевди каралоо иштери токтобой жаткандыгын билдирди:

- Акаевге барып арызын алып кел деген Бакиев. Мен ошол жерде болгом. Кыргызстанда эки бийлик болбойт, эки президент болбойт, Өмүрбек Чиркешович барып келбесеңиз болбойт, сиз мыйзамдуу жетекчисиз, сизди Акаев таанып атат, барып арызын алып келип коюңуз деп, Өмүрбектин барбайм дегенине болбой, суранып жүрүп жөнөтүшкөн. Алып келгенден кийин Бакиевдин кылган пикеттерин билебиз кайсы жерден болгонун. Ошол жерге эки жүздөй аялды алып барышкан. Ошолор "Кыргызданазыктын" конторасынан тамак жеп, ошол жерге жатып, күнүнө 200 сомдон акча алышкан.

Депутаттын дагы бир жардамчысы Кубатбек Артыковдун пикири боюнча 8-сентябрда Ош-Бишкек жолундагы пикетчилердин жол тосуусу жана алардын таркоосу тууралуу КТР туура эмес маалымат тараткан жана ошон үчүн КТР элден кечирим суроосу керек:

- КТРден Айтмамат Осмонов барып, элдерге түшүндүрүп, таркатып жибериптир деп берип атат. КТР ушул үчүн элден кечирим сурасын. Аны Айтмамбет таркаткан эмес, эл өзү таркаган. Эгерде президент туура карап, ушул талаптарыбызды аткара албай турган болсо, президент кетсин деп айтууга укугубуз болот.

Митинг бир тараптын кызыкчылыгын жактаган мүнөздө өттү. Райондун акими Айтмамат Осмонов президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатын туура эмес баалоо сокурдук менен барабар деген оюн ортого салды:

- Бир кишинин кызыкчылыгы үчүн Курманбек Салиевичти элге жаман көрсөтүү максатында, ошол кишинин туура кылып аткан ишин тескери жакка буруп аткан "Атамекен" партиясынын кээ бир мүчөлөрү ушул жерде айтып атканын угуп атам. Курманбек Бакиев ар бир үйгө жардам берип атат, пенсия, пособие, айлыкты көбөйттү, же болбосо жолдун оңдолушу, айылдын социалдык структурасы оңолушу, таза суу боюнча көңүл буруп атканы жөнүндө айтпай эле коюшубуз керек. Мына канчалаган иштерди жасап атат, - дейт райондун акими Айтмамат Осмонов.

Өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү район тургуну Төлөкан Алимов да байкап келатат. Анын ою боюнча Өмүрбек Текебаев өз аброюн көтөрүү үчүн маңзатты жүгүнө өзү салып коюшу да ыктымал:

- Башкаруу ишинде, элдин турмуш тиричилигинде жана маданиятында, курулуш иштеринде, элдин ден-соолугун чыңдоодо, элге билим берүүдө, спорт иштеринде бир топ жылыштын бар экендиги байкалып турат. Бул жерде кээ бирлер ойлошу мүмкүн, Курманбек Салиевичке кошомат кылып аткандай сүйлөп атат деп. Жок, мен андай ойдон алысмын. Себеби акты ак, караны кара деп айтыш керек. Бүгүнкү күндө бийликте бир топ жылыштар бар экендиги сезилип турат. Балким, Текебаев өзүнүн аброюн жогорулатуу максатында жүгүнө өзү деле маңзатын салып коюшу мүмкүн. Салып коюп менин жүгүмдө маңзаты бар экен деген ойду айтайын деген пикирде болуп калышы да мүмкүн. Бирок Текебаевдин сумкасынан чыккан баңгизатын бийлик уюштуруп атат дегенди мен туура көрбөйм, - деп айтты митингде сөз тийбей калган Март ыңкылабын коргоо комитетинин жетекчиси Төрөкан Алимов.


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат

XS
SM
MD
LG