Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:40

ЖАЛАЛАБАТТА ЭКСТРЕМИЗМ МЕНЕН ТЕРРОРЧУЛУКТАН АРЫЛУУНУН АРГАСЫН ИЗДЕШТИ


Жалалабат облустук бийлиги өткөргөн жыйын аймакта диний экстремизм жана терроризм маселеси олуттуу экендигин белгиледи. Экстремизм менен террорчулукка көңүл бурбай коюу анын жайылышына алып келгени айтылды. Коомчулукка коркунуч туудурар уюмдарга каршы жетиштүү иш-аракеттер жасалганда гана аталган уюмдардын таасирин мүмкүн болоору белгиленди. Молдо-имамдар жана дин адамдарын экстремистчил уюмдарга кошуу туура эмес экенин билдиришти.

Облустук бийликтин баамында диний экстремисттик уюмдарга каршы бирдиктүү аракет аз. Тийиштүү иш-чаралар толук көрүлбөгөндүктөн «Хизб ут-тахрир» партиясы ашкере динчил адамдарды кучагына тартууда. Губернатор Искендер Айдаралиевдин божомолуна ылайык облуста «Хизб ут-тахрир» партиясынын мүчөлөрү 15 миңден ашуун болуусу ыктымал, анткени, дүйнөгө кооздугу менен таанымал бир эле Арстанбап кыштагынын жашоочуларынын 80 пайызы расмий катталбаган уюмга жан тартат:

- Облустун айрыкча Базаркоргон, Сузак райондорунда, Жалалабат шаарында “Хизб ут Тахрир”, “Вахабия”, “Акрамия”, “Акмазия” сыяктуу партияларынын өкүлдөрү көбөйүүдө. Террористтердин кээ бир топтору Кыргызстанга жайгашкан деген да маалыматтар айтылган. Бирок, ушул убакка чейин ага карата күч органдары тарабынан тийиштүү чаралар көрүлгөн эмес. Алсак, жаштар менен иш алып барууда, аксакалдар сотторунун, элдик сакчылардын иштерин жандандырууда, мечиттер диний түзүлүштөр менен иш алып барууда, экстремисттик күчтөргө каршы турууну уюштурууда ишти талапка ылайык колго алалбай жатабыз,- дейт губернатор Айдаралиев.

Уюмдун жактоочулары өз идеясын баракча-китептер түрүндө таркатууда. Буга дейре түйүндүн бир жарым миңден ашык баракчасы, беш жүзгө чамалаш китеби менен жүздөгөн көрмө тасмасы колго түшкөн. Облустук улуттук коопсуздук башкарма башчысы Равшан Балтабаевдин сөзү боюнча бул кырдаалга коңшу өлкөнүн баш оорусундай мамиле жасалгандыктан экстремизм күчөп, террорчулардын Кыргызстандын аймагына кирип келүүсүнө жол ачылган.Тажикстан менен Өзбекстанда, Кыргызстанда терракт жасаган жоокесептердин башчылары жок кылынганы менен алардын шериктери табыла элек. Ушул жүйөөдөн алганда кырдаал олуттуу. Террорчул көмүскө уюмдар менен күрөшүүгө коомчулуктун аракети жетишпей жатканын айтты Равшан Балтабаев:

- Ал ушунчалык тереңдеп кеткен. Тиешелүү чара көрбөй, же коркунучун бизге эмес, биздин коңшуларга каршы багытталган деп ойлоп ката кетиргенбиз. Бирок биз ишти баштап атабыз. Биз бул жумушту Ички иштер министрлиги менен, облустук прокуратура менен бир тарапта өркүндөтүп, дагы ийгиликтерге жетишебиз деп ойлойм.

Ички иштер башкармасынын маалыматы боюнча, Жалалабат, Кочкората, Ташкөмүр шаарлары менен Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы райондоруна караштуу бир топ айылдар жашыруун уюмдун таасиринде калган. Хизбутчулар атүгүл мечиттерге да жайланышкан. Башкарманын кызматкери Кутпидин Мендибаевдин белгилешинче, баракча менен колго түшкөн дин ишмерине облус казысы чара көрбөгөн:

- Баракча менен кармалган даабатчы Абдыкахардан "Хизбуттун" кабарлары чыккан.

Экономикасы чабал мамлекеттерге коркунуч туудурар партияга ислам дини тууралу түшүнүгү жок, турмушу начар адамдар өтүүдө. Облбийликтин дин иштери боюнча кеңешчиси Садырбек Качкынбаев айыл аралаган дин үгүтчүлөрүнө көзөмөл жүрбөй жаткандыгын, алар менен бирге шектүү адамдар болуусу ыктымал деген оюн жарыя кылды:

- Булардын уставында 18 жаштан 30 жашка чейинки жаштар болуп эсептелет. "Хизб-ут тахрир" партиясындагылар биринчи жаштардын түшүнбөстүгүнөн пайдаланышат. Булар мамлекетке чоң коркунуч туудурушат.

Бирок, облустук казият дин үгүтчүлөрүнө жарандык документтери боюнча жолдомо берет. Тизмеге кирбеген үгүтчүлөр үчүн казият жоопкерчиликтүү эмес. Казы Абибилла ажы Бапановдун пикири боюнча ыйык Куран китебинде Ислам халифатын куруу жөнүндө жазылбаган. Ошондуктан ал облустун молдо-имамдары «Хизб-ут тахрир» партиясы менен ислам динин туура түшүндүpүү аркылуу күрөшөөрүн ачыкка чыгарды:

- Паспортун алып аты-жөнүн, жашаган жерин, паспорт номерин жазабыз дагы колуна күбөлүк беребиз. Анан мынча күндөн мынча күнгө чейин баланча айылга барасың дейбиз. Ал эми кокустан партияларга башы кошулуп калган болсо, ал бизден эмес. Биз "Хизб-ут тахрир" партиясы менен күрөшөбүз.

Арстанбап кыштагынын имамы айылдагылардын бардыгы эле «Хизб- ут тахрир» партиясына мүчө эмес экендигин билдирди.

Коомчулукта экстремисттик-террорчул уюмдардын максат-мүдөөсүн айрый албагандар арбын. Түшүндүрүү иштеринен облус, райондор эле эмес, айыл-кыштак калкы да кабарсыз калууда. Ноокен районунан келген Таир ажы Абдыкеримовдун көз карашында диний кишилерди экстремисттик уюмдардын катарына кошуу туура эмес:

- Хизбутчуларды деле, вахабисттерди деле бизге жаап коюп атат. Бул динди билбегендик. Чоңдор менен бирге жыйындарды, лекцияларды өткөрсөк жакшы болмок,- дейт Таир ажы.

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат

XS
SM
MD
LG