Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

“МАСТАНДАРГА АҢЧЫЛЫК” БАШТАЛДЫБЫ?


Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов УКК кызматкеринин үстүнөн кылмыш ишин козгоону талап кылууда. Буга кечээ депутаттын артынан аңдып жүргөн УКК кызматкеринин кармалышы себеп болгон. Бул окуяны жана депутат Өмүрбек Текебаевдин маңзат менен кармалышын жарандык коомдун өкүлдөрү бийлик тарабынан оппозициячыл саясатчыларга каршы жашырын күрөштүн башталышы деп сыпатташууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимкановдун айтуусунда өткөн ишемби күнү эртеден кечке анын артынан аңдуу жүргөн:

-Эрте мененки саат тогуз жарымдан тартып, биздин артыбыздан калбай улам бири-бирине өткөрүп, бир-эки машина менен жүрүштү. Токтосток токтойт, кетсек кетет. Кечке чейин мен он-он беш жерге бардым. Бардык жерге ээрчип барып атышты. Акыры таптакыр чектен чыгып, үйдүн жанына да барып турушту. Буларды кокусунан МАИ токтотуп калып, ошону пайдаланып биз барып кармап алдык. Эмне максат менен аңдып жүргөнүн сурасак, айтпай атышат. Башка депутаттар менен байланышсам, аларды да аңдуу болуп жаткандыгын айтышты. Мен эмне себептен мени аңдып жатышканын билгим келип атат. Ошондуктан, мен Бишкек шаардык ИИБнын кызматкерлерин чакырдым. Эми булардын үстүнөн кылмыш ишин козгоону талап кылып жатам.


УКК Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нияз Казакбаев болсо, депутаттын жүйөөсүн четке какты. Чекисттин айтуусунда, депутат тарабынан кармалган B 81 06 F мамлекеттик номерлүү, кызыл түстөгү “Фольсваген” автомашинасы жана анын айдоочусу, УКК кызматкери Дмитрий Огородников таптакыр башка иштер менен жүргөндүгүн айтып, депутаттын артынан эч кандай аңдуу болбогонун “Азаттыкка” билдирди:

-Биздин өзүбүздүн башка операциябыз бар эле. Мелис Эшимканов ага жолтоо болуп жатат.

-Операциянын депутаттарды аңдуу менен байланышы барбы?

-Жок, байланышы жок. Биз артынан жүргөн жокпуз. Өзүбүздүн иш менен жүрөбүз,- деди УКК Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нияз Казакбаев.

Ушул окуяны жана акыркы жумада Өмүрбек Текебаевдин маңзат менен кармалышын жарандык коомдун өкүлдөрү бийлик тарабынан оппозиционерлерге каршы тымызын күрөш башталды деп баалоодо. “Интербилим” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева бийлик өзүнө жакпаган кишилерди түрдүү жол менен коомчулуктан сүрүп чыгарууга аракет жасап баштады деген оюн билдирди:

-Муну менен мастандарга аңчылык башталды деп койсок болот. Анткени биз бийликтин чекесине чыккан чыйкан болуп атабыз. Биз мурдагы бийликтин тушунда да чындык үчүн күрөшкөнбүз, азыр дагы ошол эле. Мелис Эшимкановдун артынан аңдуу кокусунан болгон жок. Ошондой эле түрдүү коркутуп-үркүтүүлөр биздин дарегибизге да далай айтылып жатат.


Айрым бир пикир ээлери учурда Кыргызстандын УКК элдин коопсуздугун камсыздап, өзүнүн кесиптик озуйпасын аткаруунун ордуна, жалаң бийликтин гана кызыкчылыгына иштеп калгандыгын айтышты. Кыргызстандын ишкерлер биримдигинин төрагасы Өмүрбек Абдрахманов айрым Европа өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда да УКК жоюп салуу керек деп эсептейт.

Анын сөзүн “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов кубаттады:

-УККны саясий максатта колдонуу, айрым өзүнө жакпаган саясатчылардын артынан аңдуу, куугунтуктоо мурдагы Акаевдин учурунан бери калган жаман адат эле. Азыркы бийлик дагы ошол жолго түшүп, УККны саясий максатта колдонуп жатат,- дейт Эдил Байсалов.


Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG