Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

ДҮЙНӨ ӨЗГӨРҮЛДҮ, БИЗ ДА ӨЗГӨРҮШҮБҮЗ КЕРЕК


Дүйнө калкынын үрөйүн учурган 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуядан бери беш жыл өттү. Кандуу калаба АКШнын эки шаарынан кийин эле токтолуп калган жок. Эларалык жанкечтилердин колунан андан бери деле эчен бейкүнөө пенделердин каны төгүлдү.

Бул дүйнөнүн алдыңкы бай өлкөлөрү адам акылын айран кылган технологиялык жетишкендиктердин туу чокусунда жүрсө, экинчи бирөөлөрү жээрге тамак, ичерге суу таппай кара курсактын кайгайына капталып отурат. Мунун натыйжасы бай менен кедей өлкө, түндүк өлкө менен түштүк өлкө сындуу карама-каршылыктарга алып келерин илимпоздор кыйла жылдар илгери алдынала озунуп айтып коюшкан.

Саясат таануучу Алим Дөнөнбаевдин ырасташынча, окумуштуулар арасында азыркы заманга мүнөздүү тенденция катары «бай түндүк менен кедей түштүк», «алтынга чулганган миллиард калк» аталмасы колдонулуп келатат.

- Бай менен кедей өлкөлөрдүн ортосундагы карама-каршылык күчөп жатат. Эларалык террорчулуктун күчөшүндө цивилизация карама-каршылыгы да бар. Экинчи жагында социалдык-экономикалык карама-каршылык турат.

Экономикалык проблемадан агылып чыккан мындай көрүнүш коом турмушуна аябагандай чоң таасир тийгизерин Кыргызстан деле өз башынан кечирүүдө. Өткөн жылкы бийликти күч менен алмаштыруунун артында оор экономикалык турмуш, калктын 10 пайызга жакыны бардар, андан бираз ашууну орто, калганы бар менен жоктун ортосундагы кедейчиликтин күнүн көрүп атканы турган.

Белгилүү илимпоз, адабиятчы Искендер Жумабаевдин ырасташынча, революция кыныгын алып алган элди токтотуу, тынч турмушка өткөрүү өтөле татаал жумуш.

- Революциянын опурталдуу жактары да бар. Муну Ф.Достоевский айткан. «Эй, зомбулук менен бийликти басып алгандан этият болгула. Зомбулукту күчөтпөгүлө! Анын арты жаман болот. Зомбулук зомбулукту жаратат», деген. Анан эми кыргыздар этият болуш керек! Кийинки учурда элди митингге чыгарып аткандарга карата ушунy айтат элем. Элге жамандык кылып алышы мүмкүн.

Жалпы бир маалымат мейкинине кошулуп калган дүйнө элин селт эттирген 11-сентябрь кандуу калабасы жанкечтилик эларалык күчкө айланганын көрсөткөн окуя болду. Жөнжай тиричилиги менен алек миңдеген адамдардын өмүрүн ойлонбой садага чаап, мүдөөсүнө жетиш үчүн баарына кайыл жанкечтилердин пайда болушуна негиз болгон социалдык кыртыштын тамыры кайда? Саясат таануучу Алим Дөнөнбаевдин ырасташынча, буга биралдын 21-кылымда адамзат туш келген цивилизациялардын карама-каршылыгы, экинчи жагынан социалдык теңсиздик себеп болууда.

- Акырындап отуруп АКШ бир жагынан, экинчи жагынан Орусия, Кытай, мүмкүн Европа бирлиги да кошулуп, Кошмо Штаттарга каршы көтөрүлүшү мүмкүн деген ойдомун,- дейт А.Дөнөнбаев.

Дүйнө коопсуздугу алдагинтип оголе морт, калпыс абалга капталып турат. Мындай жагдайда Кыргызстан сындуу өнүгүп бараткан өлкөлөр эмне кылышы керек? Искендер Жумабаев ириде кыргыздар жалган кыял түшүнүктөрдөн арылышы абзел, деген пикирде.

- Кыргыздар чынын айтканда, жомок издеп эле жүрүшөт экен,-дейт Жумабаев.

АКШдагы кандуу калабага чейин эки ирет эларалык жанкечтилердин кол салуусуна туш болгон Кыргызстанда ушу тапта Кошмо Штаттар менен Орусиянын эки аскер базасы жайгашып турат. Экс-президент Аскар Акаев айтмакчы, «Акылдуу музоо эки уйдун эмчегин эмет» болуп, Кыргызстан быйылтан баштап АКШнын аскер базасынан «Манас» абамайданындагы ижара акысын кыйла көбөйтүүгө жетишти.


Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG