Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:37

ИРАНДЫН ЕВРОБИРИМДИК МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮСҮ УЛАНТЫЛДЫ

Бүгүн Ирандын ядролук арачысы Али Ларижани жана Евробиримдиктин тышкы саясатын тейлеген Хавиер Солана Вена калаасында жолугушту. Алар сүйлөшүүнүн алгачкысы "конструктивдүү" болгондугун бышыкташты.

Евробиримдик Иранды уран байытууну токтотууга көндүрүп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларына жол бербөөнүн амалын издөөдө. Бирок Тегеран уран байытууну токтотууга ниеттүү эмес экендигин кайрадан эскертти. Иран ошондой эле Кошмо Штаттарынын ырастоосун четке кагып, "атомдук бомба жасап жаткан жокпуз" деп айтып келет.

Кабарларга караганда, Солана Ларижаниден дүйнөлүк алты державанын коммерциялык жана башка сунуштарына Ирандын 21 барактан турган жообу боюнча түшүндүрмө берүүнү сурады. Ларижани ачык эч нерсе айткан жок, бирок талкууга астейдил канааттангандык билдирди. Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад жакында уран байытууга Тегерандын мыйзамдуу укугу бар экендигин эскерткен эле:

– Иран улуту кысымга жана агрессияга эч качан баш ийберин жана өз укуктарынын бузулушун кабылдай албай тургандыгын баары билишет, - деп айтты Ирандын президенти.

Кошмо Штаттары Бириккен Улуттарды Иранга тез арада санкция киргизүүнү талап кылууда.

Мамкатчынын жардамчысы Николас Бернс өткөн аптада Германия, Орусия, Британия, Франция жана Кытайдын улук дипломаттары менен жолуккандан кийин мындай деди:

– Ирандыктар уран байытууну токтотобуз деп айткан жок, демек биз өз сөзүбүзгө туруп, Иранга карата БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциясын киргизүүгө аракет кылалы. Ошентип, Иранды алган багытынан тайдырууга дагы аракет кылып көрөбүз.

Бернс сүйлөшүүлөр эртең уланып, анда санкциялардын долбоорун даярдоого басым жасалат деди. Бирок, Орусия менен Кытай санкцияларга каршы экендиктерин жашырышкан жок. Кечээ Кытай Иранды кысмыкка алууну токтотууга чакырды. Дүйнөдөгү номер төртүнчү мунай өндүрүүчүнү өчөгүштүрүп алгысы келбеген Евробиримдик эки тарапка тең ылайыктуу мунаса табууга артыкчылык берүүдө.

Жаңыл Жусупжан, Прага
XS
SM
MD
LG