Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

«МАТРЕШКА» ЧАТАГЫ: ЭЧ КИМ САЛБАПТЫР, ЭЧ КИМ КӨРБӨПТҮР


Өткөн жумада аягына чыга албай калган «матрешка» чатагын талкуулоо 11-сентябрда улантылды. Депутаттар күч кызматынын жетекчилеринин маалыматын угуп, кылмыш ишти алардын кимисине берүү маселесин чече алышкан жок.

Өмүрбек Текебаевди жаманатты кылыш үчүн жасалган караниет ишти ким жасады? Кыргызстандын коопсуздук кызматыбы? Ал кызматтын жетекчиси Бусурманкул Табалдиев непадам бул ишке чекисттер тартылса, аны жигин билдирбей жымыйтып жасайт эле дейт.

- Видеотасманы кылдат көрүп чыккандан кийин мындай ой келбей койбойт. Бул чагымчылык колжоюп копол жасалган. Кызматтык жагынан териштирүү комиссиясынын мүчөлөрү эгер бул операцияны чекисттер жасаса кыйла кылдат, так ишке ашырмак эле деп айтышат.

Жашыруун кызмат жетекчисинин билдирүүсүнөн кийин ички иштер министрлиги да кызматтык териштирүүнү жүргүзүп жатканын Мурат Суталинов ырастады.

- Менимче, иштин мына ушундай болушуна кызыкдар башка кишилер бар. Анан да кылгылыкты кылгандар чоң чунуну чыгышын каалашат. Чуу чыгарыш үчүн чуу көтөрүү ушул.

«Манас» аба майданынын коопсуздук маселелери боюнча жетекчи орунбасары Надырбек Мамыров Өмүрбек Текебаевдин чемоданын сүйрөп бараткан аэропорт кызматкеринин эмнеликтен 14 мүнөт жок болуп калышын момундайча түшүндүрөт.

- Тиги бала айтып жатат. Эч жакка кеткен жокмун деп жатат. Ал атайылап айткан жок да, ал жерде атайылап туруп алган жок. Чыккандан кийин тиги видеонун камерасы албайт экен. Жарым кадам бассаңыз эле албайт. Ушул жерде Замир деген бала менен сүйлөшүп турдум дейт, дагы бирөө менен сүйлөшүп турдум дейт. Анан ушул 12 – 13 мүнөт туруптур, анан 14 мүнөттө экранга жетиптир.

Аба майдан кызматкерлеринин өз ишине салкын мамиле жасашынын себеп-жөнүн Н.Мамыров алардын өң-тааныштык менен ишке орношуусуна байланыштуу түшүндүрдү.

- Кээ бирөөлөрүн силер деле суранасыңар, ачык эле айтып коеюн. Депутаттар деле көп сурайт. Бирөөсүнүн тууганы бар, бирөөсүнүн иниси бар. Эми аны ачык айтканга болбойт.

«Манас» аба майданынан жөнөтүлгөн депутаттын чемоданында кандайча 600 граммга жакын баңгизатынын болуп калышы азырынча табышмак. Кыргызстандан Варшавага уча турган үч адам «хизбутчулардан» экени, буюмдарынын арасында баңгизат бардыгы Интерполдун Астанадагы бюросу аркылуу алдын ала кабарланып, Польшанын коопсуздук кызматы саксактап, күн мурунтан Ө.Текебаев, З.Курманов, Ю.Данилов келерин күтүп отурушканы эми ачыкка чыгууда. Бирок да «Манас» аба майданындагы мыкты делген техникалык жабдуулардын көзүн жазгырып кимдир бирөөлөрдүн баңгизаты менен жүктү Польшага жөнөтүшкөнү азырынча жабык сыр бойдон калууда.

- Баңгизаты менен эле жүктү жөнөтүүнү чечишкен. Алар бизден түз сурап жатышат. Урматтуу президент, урматту өкмөт башчы, мына сиздер дайындаган адамдар. Польшанын соту жүктүн кандай жөнөтүлгөнүн тактап, анын артында эмнелер турганын эске алыптыр. Саясий жагынан алганда, баңгизат Бишкектен салынган,- деп айтты депутат Темир Сариев.

XS
SM
MD
LG