Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

ОШМУнун СТУДЕНТТЕРИ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош мамлекеттик университетинин жабылып калган стоматология, фармацевтика адистиктеринин студенттери жана алардын ата-энелери нааразылык акциясына чыгышып, бийликтен жоюлуп кеткен жогорудагы адистиктерди кайрадан калыбына келтирип берүүнү талап кылышты. Алар менен президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү жана Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев жолугушуп, маселе мыйзамдын чегинде чечилиши керек экендигин билдирди.

Ата-энелердин атынан сөз сүйлөгөн Ира Камбарова өздөрүнүн койгон шарттары жана талаптары тууралуу мына буларды билдирди:

- Биздин балдарыбыз стоматология факультети ачылганда киришти. Биздин талабыбыз, киргенден кийин 2 курстан 5 курска чейинкилер толук бүтүп кетсин. Биринчи курска студенттерди кабыл албай койсун. Мындан кийин шарты барлар Бишкекке барып окуй берсин.

Аталган эки адистик базалык абалы боюнча талапка жооп бербейт деп Билим берүү министрлиги тарабынан жабылып, студенттерин Медициналык академияга которуу жагы сунушталган. Мындай чечимге макул болбогон окутуучулардын айрымдары жети жылдан бери база бир кыйла түптөлүп калгандыгын айтышуу менен бул жерде адилетсиздик орун алып жатат деген ойлорун ортого салышты:

- Жети жылдан бери түптөлүп калды эле. Бир гана жетишпеген жагы научный билими жоктор окутуп атат деген болду. Ал эми сапаты жактан биздин адистердин Бишкектин КГМАдан айырмасы жок, - деди мурдагы стоматология факультетинин ага окутуучусу Гүлнара Садыбакасова.

Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев мындай жагдайдын пайда болушуна окуу жайдын мурдагы жана азыркы жетекчилиги күнөөлү деген оюн айтып, бул маселени азыр түздөн-түз чечүүгө анын бийлик укугу жол бербей тургандыгын эскертти:

- Биринчи күнөө, силер базаны түзбөй, чөнтөгүңөргө гана иштегенсиңер. Эптеп студенттердин санын көбөйтүп, эптеп көрүнүктүү факультеттерди ачкансыңар. Эми бийлик менен ата-энелерди кагыштырып коюп отурасыңар, - дейт Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев.

Ал эми Ош мамлекеттик университетинин ректору Мухтар Орозбеков болсо каалоочу студенттерди которуу жараяны жүрүп жаткандыгын айтып, сөз чыгарууга кызыкдар айрым бир топтор гана нааразы болуп жатканын белгиледи:

- Ата-энелердин министрликтин чечимине көнбөгөнү бул кээ бирлеринин жекече кызыкчылыгы болуп атат. Бирок негизинен 90 пайыз студенттер арызын жазып, алды Бишкекке барып окуп атышат. Шарты жоктор жакын адистиктерге которулду.

Нааразы тарап үч күн убакыт ичинде маселе бир ыктай чечилбей турган болсо мыйзам чегинен тышкаркы чараларга чейин барууга даяр экендиктерин эскертти.
XS
SM
MD
LG