Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:48

ДҮЙНӨ 2001-ЖЫЛДАГЫ ИРИ ТЕРРОРДУН БЕШ ЖЫЛДЫГЫН ЭСКЕРДИ


Нарын АЙЫП, Прага Мындан беш жыл мурда, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы көрүлгөн ири террор аракеттеринин беш жылдыгы бүткүл дүйнөдө белгиленди.

Жүргүнчүлөрү бар эки учакты террорчулар ала качып, Нью-Йорк шаарындагы Эл аралык соода борборунун эки мунара имаратарына тийген. Биринчи учак түндүк имаратты эртең мененки саат сегизден 46 мүнөт өткөндө келип урган. Дүйнөнүн бардык сыналгы түйүндөрү ал имараттын күйгөнүн көрсөтүп жатканда, биринчи террор актынан 17 мүнөт өткөндө экинчи учак түштүк имаратка келип тийген жана дүйнө коомчулугу аны түз ободо көргөн.

Террорчулар дагы бир учакты ала качып, аны менен коргоо министрлиги - Пентагондун имаратына тийген. Төртүнчү да учак ала качылган жана аны менен террорчулар Вашингтон шаарындагы же Конгресс имаратын же Ак үйдү келип урууну пландаган, бирок учактын ичиндеги жүргүнчүлөр каршылык көрсөткөндүктөн, ал Пенсильвания штатында кулап, кыйраган. Бардыгы болуп бул үч террор аракетинен үч миңге жакын адам курман болгон. Алардын беш жүзгө жакыны АКШдан башка 91 мамлекеттин жарандары болчу.

АКШ президенти Жорж Буш Нью-Йорктогу Эл аралык соода борбору мурда турган жерге 10-сентябрда келип кетти. Он биринде болсо президент ал жерден алыс эмес турган чиркөөдөгү ибадатка катышты, андан соң Буш Нью-Йорктун өрт өчүрүү департаментине барып, андан кийин Пеннсильвания штатындагы жана акырында Пентагондогу аза күтүү жыйындарына катышты. Эч жерде президент сөз сүйлөгөн жок, бирок кечинде сыналгы аркылуу Америка элине кайрылды.

Хельсинки шаарында өтүп жаткан Азия-Европа саммитинде Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу эл аралык террочулукту сынга алды: "Биз дагы көп нерсени жасаш керекпиз. Коопсуздукту камсыз кылуу тармагында дагы, саясий тармакта да иштеп, диндин саясий маселелерге кошулушун, кыйрандыга алып келген аракеттерде пайдаланылбашын камсыз кылуу үчүн биргелешип иштеп, андай аракеттердин биздин коомго жана биздин баалулуктарга болгон коркунучун жокко чыгарыш керекпиз", - деди Баррозу.

Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан Нью-Йорктон сүйлөп, эл аралык террорчулукка каршы аракеттерди күчөтүүгө чакырды. АКШ тышкы иштер министрлигинде да атайын жыйын болуп, ага мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчер катышты. Алманияга келген Папа Бенедикт Мюнхен шаарында атайын ибадат өткөрдү, ал эми Орусиянын Федерация кеңешинин төрагасы Сергей Миронов АКШнын Нью-Жерси штатындагы Байон шаарында ал террор аракеттеринен курман болгондорго арналган эстеликти ачты. Аны белгилүү скульптор Зураб Церетели жасаган.

XS
SM
MD
LG