Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

ПАРЛАМЕНТТИК КОМИССИЯ : «МАТРЕШКА» ОПЕРАЦИЯСЫН УЮШТУРГАН ПРЕЗИДЕНТТИН ИНИСИ ЖАНЫШ БАКИЕВ


Депутат Текебаевге каршы уюштурулган баңгизат операциясынын башында Жаныш Бакиев турганын парламенттик комиссия аныктады. Комиссиянын атынан бүгүн депутаттар алдында Азимбек Бекназаров билдирүү жасады. "Ата Мекен" партиясы бүгүн эртең менен парламент имаратынын жанында Ө. Текебаевди колдоп митинг өткөрүп, ага каршы ыплас чагымды уюштургандыгы үчүн бийликти айыптап, президент К. Бакиевдин отставкасын талап кылды.

Парламенттик комиссиянын мүчөсү Азимбек Бекназаров депутат Өмүрбек Текебаевдин багажына баңгизат салып карматуу операциясынын башында УКК төрагасынын биринчи орун басары Жаныш Бакиев турганы күбөлөр менен ырасталды деп билдирди. Парламенттик комиссия кечээ бир топ адамдарды суракка алуунун натыйжасында ушундай бүтүмгө келген.

Бир катар депутаттар оппозициялык лидерге каршы ыплас ыкмаларды колдонуп жаткандыгы үчүн бийликти айыптап сүйлөштү. Депутат Кабай Карабеков мындай окуядан кийин Бакиевдин президенттик кызматта калууга "моралдык акысы жок" деп билдирди.

Чыгып сүйлөгөн башка депутаттар Рашид Тагаев, Исхак Масалиев бул окуяга президенттин тиешеси бар экенине ишенбей тургандыктарын белгилешти. Премьер-министр Ф. Кулов Жаныш Бакиев өзүнүн кылыгы менен президентти жана бүт өлкөнү уят кылды деп белгилеп, президент оор болсо да инисине карата туура чечим кабыл аларына ишенерин билдирди.

Депутаттардын суроолоруна жооп бергени чыккан Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Бусурманкул Таабалдиев биринчи орун басары Жаныш Бакиевдин кызматынан кеткенин билдирди. Ал ошондой эле өзүнөн дагы жоопкерчиликти алып салбай турганын белгилеп, кызматынан чегинүү жөнүндө өзү дагы президентке арыз менен кайрылганын айта кетти. Жалпы эле коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин атынан Текебаевден кечирим сурады.

Президент Бакиев иниси жөнүндө эгер ал күнөөсү бар болсо мыйзам алдында жооп берсин деген позицияда турганын Бусурманкул Таабалдиев айта кетти. Жаныбек Бакиев өзү болсо ага коюлуп жаткан айыптоолорго жооп кайтара элек.

Депутаттар келип түшүндүрмө берсин деп президент Бакиевди парламентке чакыртышты. Бирок, мамлекет башчы чет элдик делегация менен жолугушуп жаткандыктан келе албай турганын анын парламенттеги өкүлү билдирди.

Бүгүн эле Текебаевге каршы уюштурулган чагымчылык окуясын иликтөө үчүн президент мамлекеттик комиссия түзгөнү белгилүү болду. Депутаттар өз кезегинде Жаныш Бакиевге каршы алиге кылмыш иш козголбогондугуна нааразы болушууда.


Фотосүрөт Игорь Коваленконуку

XS
SM
MD
LG