Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 07:38

БУШ: “АНТИТЕРРОРДУК УРУШ - ЦИВИЛИЗАЦИЯ ҮЧҮН КҮРӨШ”


Президент Жорж Буш дүйшөмбү күнкү телекайрылуусунда террорго каршы урушту цивилизация үчүн басташуу деп баалады. Кошмо Штаттары жалпы Жакынкы Чыгышта демократия орнотуу озуйпасынан кайтпай турганын ырастап, Буш Иракта эркиндик жана бейпилдик бекемделмейинче америкалык аскерлер бул өлкөдөн чыгарылбайт деп билдирди.

Президент Буштун сөзү он сегиз мүнөткө созулду. Азыркы антитеррордук согуштун максатын ал цивилизацияны сактап калуу мураты менен түшүндүрдү. “Бу күрөштү цивилизациялардын кагылышы деп атап жүрүшөт. Чындыгында бул күрөш - цивилизация үчүн басташууну билдирет. Биз эркин мамлекеттердин жашоо жолоюн сактап калуу үчүн күрөшүп жатабыз”, - деп айтты Буш.

Бул согушта, Буштун айтымында, үстүбүздөгү кылымдын башкы аңыты аныкталат, дүйнөдөгү миллиондогон адамдардын тагдыры чечилет. Бу согушту Америка каалаган эмес, деп улантты Буш. Эми аны биротоло соңуна чыгаруу керектигин, террорчуларды таптакыр тыйпыл кылуу зарылдыгын белгилеп, Буш эртеби-кечпи Усама бин Ладен, “Ал-Каиданын” башка төбөлдөрү кармалып, жоопко тартыларына ишендирди. “Эгер биз азыр душмандын түбүнө жетпесек, терроризмдин тамырын соолутпасак, кийин бала-бакырабызга террордук мамлекеттерге жана ядролук куралы бар диктаторлорго каршы турганга туура келет”, - деп белгиледи Буш.

Террорчулар Жакынкы Чыгышты “радикалдуу ислам империясына” айлантканга умтулуп, баштагыдай эле АКШнын аймагында жаңы балааматтарды уюштурууну көздөп жатышканын Буш америкалыктардын кайталап эсине салды. Ирактагы саясатын коргоп, Буш “Американын коопсуздугу азыр Багдаддын көчөлөрүндөгү уруштардын натыйжасына жараша болорун” бөлүп көрсөттү. Иракты ал эркиндик менен зулумдук басташып жаткан башкы майданга теңеп, душманды толук жеңмейинче америкалык аскерлер бул жерден кетпей турганын дагы бир жолу бышыктады.

Буштун айтымында,“кетирилген каталыктарга карабастан Ирактан кетүүнүн өзү чоң каталык болмок”. Террорчулар баары бир артыбыздан сая түшүп алат, деп кошумчалады Буш.

Президент бул согушта жалпы улутту биригүүгө чакырды. Ошондуктан “ич ара ыйкы-тыйкылыктарды жыйыштырып,тарых бизге камдаган сыноодон өтүү үчүн жарнакташып иштөөгө тийишпиз. Биз душманды жеңебиз, элибизди коргоп калабыз, XXI кылымды адам эркиндигинин эрезе курагына жетектеп барабыз”,- деди Буш.

Деген менен оппозициядагы демократиялык партиянын өкүлдөрүн президенттин чакырыгы муюта алган жок. Бушту алар 11-сентябрдын кезектеги жылдыгын саясий оюн үчүн пайдаланды деп айыпташты. Демократ-сенатор Эдвард Кеннеди улуттук касирет күнүнөн да Буш саясий нап чыгарып алганга умтулганын айтып, Ирактагы согушка байланыштуу талаштар али алдыда экенин, бу маселе ноябрдагы өткөөл шайлоого даярдануунун жүрүшүндө дагы далай сөз болорун эскертти.

XS
SM
MD
LG