Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

АКШДАГЫ БОЛГОН ИРИ ТЕРРОРДУК АКЦИЯНЫ БИЛГЕНДЕН БИЛБЕГЕН АРБЫН


Кыргызстандыктардын ичинде Нью-Йоркто 11-сентябрда болгон террордук чабуулду билбеген, элес албаган жарандар арбын. Кабарчыбыздын сурамжылоосу ушундай тыянакка алып келди.

Айрым билим берүү мекемелеринде эскерүү сабактары өтүп, айрым мечиттерде куран түшүрүлгөнү болбосо, 3 миңге жакын адамдын өмүрүн алган АКШдагы террордук чабуулдун беш жылдыгын эскерүүгө Кыргызстандын коомчулугунда өзгөчө басым жасалган жок. Маселен, Борбор Азиядагы Америка университетинде бул күнү 11-сентябрды эскерген плакат илинип турду. Бишкектеги АКШнын улуттук демократия институтунун маалыматы боюнча бул күнгө байланыштуу иш-чараларды уюштуруу милдетин волонтерлор алышкан. Айрым мектептерде класстык сааттардын, тарых сабактарынын алкагында эскерүү болуп, эл аралык терроризм коркунучу тууралуу сабактар өттү.

Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жумановдун айтымында айрым мечиттерде терактта набыт болгодорго багышталып куран окутулду.

Анткен менен, Бишкек шаарында жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, бул күн тууралуу билбегендер, элес албагандар арбын:

Бакыт: -Бул күнү АКШда кандай окуя болгонун билбейм.

Гүлнара: - АКШда “Челинжер” космостук корабли жарылбады беле.

Айнура: 11-сентябрдагы Нью-Йорктогу терракты эскерүү боюнча биздин Ишеналы Арабаев атындагы университетте эч кандай иш- чаралар болгон жок.

Салиам: -Бул окуя мектептерде тарых сабактарында окутулуп, эскерүү иш- чаралары көрүлүп турса болмок. Андай жагдайды эске алган жетекчилер жок.

Мындай көрүнүштөрдү эске алган “Трибуна” гезитинин редактору Ырысбек Өмүрзаков терроризмге каршы күрөш жүргүзгөн дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекеттер бул күндү эскерүү күнү катары кабылдап турушу жөндүү деп эсептейт:

-Бул күндү америкалыктар гана кайгыруу менен белгилеп, башка өлкөлөрдө эскерилбей жүрөт. Терроризмге каршы күрөшөбүз деген өлкөлөрдө бул күндү эскерүү зарыл. Себеби жыл өткөн сайын эл аралык терроризм күч алып баратат. Бул окуя дүйнө калкынын тарыхында кайгылуу кара так болуп калды. 80 өлкөнүн миңдеген атуулу бейкүнөө ажал тапты. Массалык маалымат каражаттары бул окуяны терең маани берип чагылдырбай, жеңил мамиле кылып жатышканы өкүндүрөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG