1855-жылдын 13-сентябрында Улуу жүз казактардын приставы М. М. Хоментовский сарыбагыш манабы Жантай Карабековго кат жолдогон. М. М. Хоментовскийдин катында, бугу менен сарыбагыштардын ортосунда согуш жүрүп, кагылыштан Ормондун өлгөнү туурасындагы маалымат орус бийлигине белгилүү болгондугу жазылат. Мындан тышкаары, Ормон шейит учкандан кийин сарыбагыш уруусуна Жантайдын бийлиги орногондугу белгиленип, ага калк арасындагы бөөдө кан төгүүнү токтотуу өтүнүчү айтылат. М. М. Хоментовскийдин катында белгиленгендей, Жантай Карабеков орус приставына сарыбагыш менен бугу урууларынын ортосундагы согуштун чыгышы жана ага Ормон хандын катышы туурасында кабарлап тургандыгы байкалат.
1875-жылдын 13-сентябрындагы Түркстан генерал-губернатору Кауфмандын аскер министрине билдирүүсүндө, 1875-жылкы көтөрүлүшкө чейин жоокер мүнөз кыргыздардын Россия империясына болгон мамилеси оң экендигин белгиленет. Анын баамында кыргыздардын көтөрүлүшү түздөн-түз Кокон хандыгына каршы багытталып, орус саясатына анын байланышы жок болгон.
1875-жылдын сентябрь айында генерал Скобелев Ош шаарын согушсуз басып алгандан кийин, Кокон хандыгынын аскер башчысы Абдрахман Афтобачи жүздөгөн жоокери менен Ош шаарын айланып Карасууга келген. 13-сентябрда генерал Скобелев Асаке аркылуу Маргалаңга өтүп, мындагы падышалык аскердин негизги күчү менен бириккен.
1884-жылдын бу күнү Аскер старшинасы Шабдан Жантаев менен Токмок уездинин манабы Сооромбай Кудаяровдор Талаа генерал-губернаторуна кепилдик кат менен кайрылышкан. Алар Токмок уездине караштуу Тогуз тороо волостунун молдосу Мамырбай Кубатбековду түрмөдөн бошотууну өтүнүшүп, аны коомчулукка кабыл алыныш кепилдигин ала тургандыгын билдиришкен.
1916-жылдын 13-сентябрында Верный шаардык Тинтүү пунктунун начальниги он алтынчы жылкы кыргыздардын көтөрүлүшүнө байланыштуу иликтөөсүн Түркстан генерал-губернатордугуна жолдогон. Анын иликтөөсүнө ылайык Токмок, Кочкор жана Ысыккөлдүн түштүк бөлүгүндөгү көтөрүлүшчүлөрдүн жетекчилери аныкталган. Көтөрүлүшкө Атаке, Сарыбагыш, Абайылда, Темирболот, Шамурза, Байсейит, Курманбет, Шамшы, Бурана, Тынай, Жумгал, Курманкожо, Кочкор, Жубанарык, Ниязбек сыяктуу болуштуктардын эли катышкандыгы жана алардын жетекчилери ким экендиги такталган.
Бу күнү, 1788-жылы Нью-Йорк АКШ борбору атанып, 1942-жылы Сталинград үчүн согуш башталып, 1851-жылы америкалык врач, безгек оорусунун себебин ачкан Уолтер Рид, 1894-жылы англис жазуучусу, драматург Джон Пристли жарык дүйнөгө келген.