Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

ОРУСТАР ОБОСОЛДОРДУ ТОСКОНГО ДАЯР ЭМЕС


Чет өлкөлөрдөн,айрыкча мурдагы совет республикаларынан Россияга көчүп келүүнү каалагандарга оңтойлуу шарт түзүү үчүн президент Владимир Путин быйыл жайда атайын иш чараларды бекиткен эле. Планда түпкү мекенине кайткысы келген орустарды он эки регионго, негизинен Ыраакы Чыгышка, Борбордук кара топурактуу аймакка жана Калининград областына жайгаштыруу каралган. Жаңы келгиндерге жумуш, турак-жай кредиттери, накталай акча жагынан жардамдашуу, аларды башка да жеңилдиктер менен камсыз кылуу белгиленген. Бирок региондордун көбү жаңы келгендерди кабыл алганга даяр болбой чыгышты.

Стратегиялык долбоорлордун Владивостоктогу борборунда иштеген Юрий Авдеев программанын бүткүл Ыраакы Чыгыш үчүн өзгөчө маанисине токтолуп, соңку он беш жыл ичинде бу жерде калктын саны дээрлик бир жарым миллиондой кишиге азайганын, алардын ордун эми жаңы келгиндердин эсебинен гана толуктоого болорун белгиледи.

Бирок программага киргизилген аймактардын дээрлик көпчүлүгү,анын ичинде Приморье крайы келерки жылы жаңы обосолдорду кабыл алганга даяр болбой чыкты. Хабаров крайы болгону 2 миңдей келгинге гана орун-очок бере алат. Калган аймактардын чарк-чамасы андан да жаман. Федералдык өкмөт жаңы келгиндерди жайгаштырганга 630 миллион доллардан ашуун акча бөлүүнү караган, калган каражаттар жергиликтүү бюджеттерден алынууга тийиш. Региондогу өкмөттөрдүн казынасы болсо мындай чыгымдарды көтөрө албайт. Көпчүлүк байкоочулар программада келерки жылга аныкталган милдет – бери дегенде 100 миңден ашуун жаңы обосолдорду кабыл алып, аларды жайгаштыруу иши жүзөгө ашарына ишенишпейт.

Программанын талаптарын аткарганга Твер жана Калининград областтары гана даяр экенин билдиришти. Тверлик губернатор эмдиги жылы 7,5 миңдей иммигрантты кабыл алганга, аларга турак-жай жактан жардамдашканга, кредит бөлгөнгө, маяналуу жумуш менен камсыз кылганга областтын күчү жетерин ырастады. Калининград областы болсо 10 миң келгинге орун бере алат. Бирок азырынча бул аймакка барып, байырлаганга 600дөй адам гана арыз берди.

Москвада жайгашкан КМШ институтунун орунбасар директору Владимир Жарихин бул программа түпкүлүгүндө керек эле, бирок биртке кечигип калды дейт. Массалык миграция агымы 90-жылдардын орто ченинде күч алган эле. Азыр болсо Россияга кайткысы келгендер негизинен келип бүтүштү, ал эми кайткысы келбегендер жергиликтүү шартка көнүп калышты.

Айрым маалыматтарга караганда, Россияга кайтканга ниет кылгандар Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда көбүрөөк, ал эми Украина менен Казакстанда кесипкөй адамдар арасында мындай маанай анчейин байкалбайт.

XS
SM
MD
LG