Орусиялык 3 генерал, 6 полковник, 2 подполковник жана майордун ажалына калган Ми-8 түрүндөгү согуштук тик учма Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн 58-армиясыныкы экен. Коргоо министрлигинин өкүлү айтканга караганда «ал Гизел кыштагынан учуп чыгып Ханкала (Чеченстан – ММ) кыштагын карай жолго чыккан. Ичиндеги аскер кызматкерлери ал жакка – Түндүк Кавказдагы согуштук округдун ишин текшерип келүү үчүн барткан».
Ошол эле учурда Чукул кырдаалдар министрлигинин Түндүк Осетиядагы өкүлү Владимир Иванов айтканга караганда «Владикавказдын жанында кыйраган МИ-8 тик учма Түндүк Осетия, Ингушетия жана Чеченстанда биринчи күнү иши башталган аскерий машыгууга катышып аткан».
Кыйроонун себебин иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия РИА «Новости» агенттигине билдирген божомол боюнча тик учма туманда адашып бак сүзүп алган.
«Учкуч булут каптаган тарапка кирген. Кантсе да, байкабай, машинеси менен дарактардын башын уруп алган. Ошондон соң тик учма баш бербей калган. Арадан, болжол менен алганда, жети секунддай өткөндө ал капчыгайга кулап түшкөн», - деди шейшембиде Түндүк Кавказдык аскерий округдун буйрук берүүчүсү Александр Баранов.
Бирок жергиликтүү тургундар тик учма жерге кулап түшөр алдында анын куйругунан кара түтүн бургуйлап атканын көрүшкөнүн айтышкан. Алардын эгерде, бул террордук акты болсочу деген суроосуна аскерий төбөлдөр андай болушу мүмкүн эмес деп жооп беришкен. Ошого карабай Түндүк Кавказдык округдун аскердик прокурору: «Тик учманын ичинен өрт чыккан. Учактын кыйрашы кантсе да анын асманга бузук экенине карабай учканынан улам болгон деген», - деп жазат Правда. Ру
Баса, Ми-8 түрүндө чыгарылган согуштук тик учма быйыл март айында Саха (Якутия – ММ) жумуриятында кыйроого учурап 4 кишинин жанын ала кеткен.
Алдыңкы жылы 16-июлда дагы бир Ми-8 тик учма Чеченстандын Итум-Калиндик районунда асманда баратып кыйрап калган.
2002-жылы августта андай түрдөгү тик учманын кыйрашы Ханкаланын жанындагы согуштук базанын асманында болгон. Ал жолу жүздөн ашуун киши мерт болгон.
«Газета.ру» сайты жазганга караганда Түндүк Осетия ордо калаасынын жанында бул дүйшөмбөдө кыйраган Ми-8 жергиликтүү көрүстөндүн үстүнө түшкөн.