Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

ЖАЛАЛАБАТ: ПАРТИЯЛАР ПАРЛАМЕНТТИ ТАРКАТУУ КЕРЕК ДЕШЕТ


12-сентябрда кечке маал бир нече партиялардын Жалалабат облусундагы өкүлчүлүктөрү бийлик айланасында болуп жаткан окуялар боюнча маалымат жыйын өткөрүштү. Алардын пикиринде, оппозиция депутат Өмүрбек Текебаевге тиешелүү окуяларды 17-сентябрга боло турган элдик курултайга элдин көңүлүн буруу үчүн жана бийликти жаман аттуу кылуу үчүн пайдаланууда. Саясатчы депутаттар бийликтин иштөөсүнө мүмкүндүк бербесе парламентти таркатуу маселесин көтөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ал эми "Ата мекен" партиясынын облустагы өкүлдөрү Өмүрбек Текебаевдин бетине көө сүрткөн бийлик кызматтан кетүүсү керек деп эсептешет.

Маалымат жыйынына “Эркиндик”, “Жаңы Кыргызстан”, “Эмгек жана биримдик” партияларынын облустагы жетекчилери менен бирге “Март ыңкылабын коргоо” комитетинин башчылары катышты. Алар депутат Өмүрбек Текебаевдин айланасында болуп жаткан Бишкектеги саясий акциялар менен оппозициячыл депутаттардын иш аракеттери менен макул эмес экендиктерин билдиришти. Эркиндик партиясынын облустагы төрагасы Мойдун Мамажановдун белгилешине караганда, депутат Өмүрбек Текебаевдин Польшадагы маңзат менен кармалуусу оппозицияга шылтоо болду. 17-сентябрда элдик курултайды өткөрүүнү көздөгөндөр атайын чуулгандуу окуяларды уюштурууда, деп айтты Мойдун Мамажанов:

- Текебаевдин Варшавада маңзаты менен кармалганы бул факт. Ал эми анын ошол жерде кармалганы тууралуу ажиотаж чыгарып, бийликтен көрүшүп, бийлик жасаган дегени такыр күрөкө турбайт. Бул оппозициянын эле чыгарган иши. Элди дүрбөтүп, 17-сентябрдагы курултайга элдерди кандайдыр бир даярдап, өздөрүнчө “подставка” жасашып, башкалардан көрүп атат. Мындай иштер жазуу жүзүндө буйрук менен жазалат.

Өлкөдөгү башаламандыкты үчүнчү күчтөр жасоодо. Оппозиция 12-сентябрдагы митингде талап кылгандай, президент менен өкмөттүн отставкага кетүүсүнө негиз жок. “Эмгек жана биримдик” партиясынын Жалалабат шаарындагы төрагасы Абдымалик Бектемировдун ою боюнча, депутаттар бүткүл Кыргызстандын тынчтык менен ынтымагын эстен чыгарбай, жарандык ызы-чууларга жол бербөөсү керек. Дыйкандар үчүн Кытайдан тракторлордун алынып келиниши, пенсия, жөлөк пулдарга кошумча болушу, турак-жайдын курулуп жатышы, мектептерге жасалган камкордук, бийликтин эки жылга жетпеген убагында жасалган. Элдик ыңкылап менен келген бийликти кетирүүнүн ыкмалары бүгүнкү бийликке ич күйгөн адамдардын каалаганындай эмес:

- Өзү өсүп жаткан көчөттүн түбүн шамалдатып туруп кууратып салабыз деген болбойт. Бийликти алуунун өзүнүн жолу бар. Эгерде чын эле өз улутунун патриоттору болсо элинин тынчтыгын ойлош керек. Эртең бийлик кетсин деп 2 миң адам чыгып, аларга 2 млн. адам каршы чыкса, кокустан кан чыгып, граждандык согуш башталып кетсе эмне болот. Ошондо башталат кимди ким көрдү, быржыбайды там басты деген сөздөр.

Соңку күндөрү өлкөдөгү ызы-чууга себепкер деп депутат Өмүрбек Текебаевди атаган “Жаңы Кыргызстан” партиясынын Жалалабаттагы башчысы Малижан Атабаев экс-спикерди элге тынч кызмат өтөөгө чакырды:

- Мырза Текебаев, сиз 15 жыл ичинде өзүңүздүн элиңизге, журтуңузга жакшылык кылдыңызбы. Мен айтам, жок кылбадыңыз деп. Мен сизди акаевчил киши деп эсептейм. Андай болбойт, көзүңүздү ачыңыз. Кыргызстандын 5 млн. эли бар, ал элдин убалына калбаңыз. Сиз эмне башаламандыкты каалайсызбы, же кан төгүлсүнбү, же талаш-тартыш болсунбу, жетишет эми.

“Эркиндик” партиясы менен март ыңкылабын коргоочулар парламентти таркатуу идеясын буга чейин да көтөрүп чыгышкан. Ыңкылапчылардын облустагы координатору Акрам Сатиевдин ою боюнча Жогорку Кеңешти таркатуу президент тарабынан токтолуган. Парламент башаламандыкка мындай жол бере турган болсо, аны таркатуу маселесин кайра козгоп чыгабыз, депутаттардын эс алуу мезгилинде тынчтык болуп, кыйла өлкөдө өзгөрүүлөр жасалды, деп айтты Акрам Сатиев:

- Биз Бакиевге мурда эле айтканбыз, Жогорку Кеңешти жоёлу деп. Бакиев узакты ойлогон адам экен, ушул ишти кылбагандан мына ушундай иштер болуп жатат. Ошол үчүн биз бул маселени туурадан туура эми алып чыгабыз. Бизге мындай парламенттин, мындай депутаттардын кереги жок. Мына бир ай отпускада жүрүштү депутаттар, ушул убакта биздин мамлекетибиз 100 кадам алдыга жылды. Урматтуу депутаттар мен силерди сыйлайм, бирок Текебаевге, Бекназаровго, Садырбаевге окшогондор элдин тагдырын ойлобойт.

Облустагы саясий партиялар менен коомдук уюмдардын мындай пикирлерине “Ата Мекен” партиясынын Базаркоргон районундагы өкүлдөрү кошулган жок. Партиянын өкүлү Шарипа Азаматова бийликтен күткөн үмүтү акталбаганын өкүнүү менен билдирүү менен президенттин отставкага кетүүсүнө жүйө бар деп эсептейт:

- Биздин чуркап, “Кокуй Бакиев” деп 80 пайыз добуш берген Бакиевибиздин койгон адамдарынын кылган иши ушубу. Биздин башы көрүнгөн кыргыздын балдарынын жүгүнө маңзатын салып, чет мамлекетке жөнөтүп, биздин атак-даңкыбызды ушинтип чыгардыбы? Биз ушуга капабыз. Эмне үчүн Текебаевдин жүгүнө салат, эмне үчүн Бакиев Түркияга барганда анын жүгүнө салынып калбайт. Бул иш жаман иш. Мындай иш мамлекетте болгондон кийин сөзсүз башында турган адамдар отставкага кетиши керек.

Депутат Өмүрбек Текебаевге байланыштуу иштерге саясий жана укуктуу жактан баа берилиши зарыл. Партиянын жооптуу катчысы Асылбек Текебаев өз агасына карата карасанатайлык иш жасалганын деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG