Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:08

ДҮЙНӨДӨ 43 МИЛЛИОН БАЛА МЕКТЕП ЫРЫСКЫСЫНАН КУР КАЛГАН


Бейөкмөттүк “Балдарды куткаруу” уюмунун маалымдашынча согуш жана куралдуу кагылышуулардан улам дүйнөдө 43 миллиондон ашуун бала мектепке барбайт. Аталган уюм 12-сентябрда кырктан көп өлкөдө “Келечекти кайра жазуу”өнөктүгүн баштады. Өнөктүктүн максаты уруштун кесепетинен окууга мүмкүнчүлүгү жок миллиондогон балдарды мектеп партасына кайра отургузуп, сапаттуу билим алуусуна көмөктөшүү.

“Азыркы согушта көбүн эсе жоокерлер эмес, карапайым калк жапа чегет жана уруштун кесепетинен демейде көптөгөн балдар кароосуз калат”,-деп билдирди “Балдарды куткаруу” уюмунун аткаруучу директору Чарль МакКормак 12 –сентябрда АКШ Конгрессинде болгон кездешүүдө . Бейөкмөттүк бул уюм Кошмо Штаттардын Коннектикут штатында жайгашкан.

“Балдарды куткаруу” уюмунун эксперти Катерин Конрадт айымдын айтымында, согуш же куралдуу салгылашуулар жүрүп жаткан өлкөлөрдө азыр 43 миллиондон ашуун мектеп жашындагы балдар окушпайт:

- Согуштун айынан дүйнөдө 43 миллион бала мектепке бара албайт. Мектептер көбүн эсе уруш майданына айланган. Эл качып-бозуп, мугалимдер менен ата-энелер этегин жыя албай жүрүшөт. Балдардын билим алуусуна, аларды тарбиялып өстүрүүгө тийиштүү шарт жок. Билимсиз өлкөдө согуштан кийин тынчтыкка жетишүү жана экономиканы бутуна койуу кыйын-дейт Конрадт айым.

“Балдарды куткаруу” уюмунун маалыматы боюнча, ич ара чатактардын кесепетинен Конго Демократтык республикасында 6 жаштан 11 жашка чейинки 5 миллиондон ашуун бала окубайт. Өлкөдө 12 жаштан 17 жашка чейинки 6 миллиондон ашуун бала жана кыз деле мектеп босогосун аттаган эмес.

Узак жылдардан бери куралдуу калабадан бошоно албай жүргөн Ооганстанда ар бир үчүнчү бала, ал эми жарандык согуштун мизинде турган Иракта ар бир бешинчи бала мектептен окубайт.

Мектеп курагындагы балдарга күчтөп курал берип, согушка салуу уруш, чыр-чатак кучагындагы өлкөлөр үчүн кеңири жайылган көрүнүш. 2003-жылы болгон аскерий чатактардын жарымында 15 жашка чейинки улан-кыздарга курал берилип, айкашка салынган. Ал эми Непалда 2005-жылдын январь-август айларында өкмөткө каршы согушкан күчтөр 12 миңге жакын айыл мектебинин окучуларын уурдашып, өз катарын толуктаган.

“Балдарды куткаруу” уюмунун билдиришинче, куралдуу кагылышуулар болуп жаткан өлкөлөргө түрдүү гуманитардык долбоорлор аркылуу бөлүнгөн каражаттын 2 проценти гана тийет. Анткени, көпчүлүк эл аралык демөөрлөр куралдуу калаба жүрүп жаткан жерлерге жардам көрсөтүүнү татаал көрүшөт.
XS
SM
MD
LG