Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

ИРАНДАН КЫРГЫЗСТАНГА ИНВЕСТИЦИЯ - 50 МИЛЛИОН ЕВРО


13-сентябрда Иран Межлисинин төрагасы Голамали Хаддат Адел баштаган парламенттик делегациянын Кыргызстандагы расмий иш сапары башталды. Эки өлкө ортосундагы экономикалык-маданий алака-катыштарды тереңдетүү багытында 90 келишимге кол коюлган.

Иран Межлисинин төрагасы Голамали Хаддат Адел кылымдарды карытып келаткан кыргыз-иран алака-катышы кийинки кылымда кыйла басаңдап кеткенин белгиледи. Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийинки онбеш жыл ичинде кадыресе жандана баштаган экономикалык алыш-бериш бийлик алмашкандан бери мурдагы деңгээлинен төмөндөй түшкөнүн айтты.

- Жакынкы бир жарым жыл ичинде жаңы өзгөрүүлөрдөн кийин эки өлкө ортосундагы экономикалык мамиле-катыштын ырааты мурдагы калыбынан кыйла артта калганын байкап отурабыз.

Мына ушул кенемтени толтуруш амалында Иран быйыл Кыргызстанга 50 миллион евро инвестиция бөлүүдө. Ал акча негизинен инфраструктураны жакшыртууга, кыргызстандыктардын жашоо-турмушун оңдоого жумшалмакчы. Кыргызстан парламентинин спикери Марат Султанов кийинки мезгилде алака-катыш азайып кеткенин, антишке саясий-социалдык-себептер негиз бергенин ырастады.

- Биздин байланыш бираз бошоңдой түштү. Ал Кыргызстандын ичинде болгон процесстерге байланыштуу нерсе. Тышкы экономикалык активдүү аракеттер эми башталды. Ошон үчүн мен ойлойм, биздин алака-катыш мындан ары тереңдей берет.

Марат Султанов Кыргызстанда 172 компания иштеп жатканын маалымдады. Казакстан, Түркия, Кытайга салыштырмалуу бул жерге Иран инвестициясы өтөле аз келди. Анткен менен Иран дүйнөгө цивилизациялардын кагылышы эмес, мамыр-жумур байланышуу идеясын сунуш кылган өлкө.

- Иран дүйнөгө цивилизациялардын диалогу идеясын көтөрүп чыккан. Батыш өлкөлөрүндө цивилизациялардын кагылышы теориясы айтыла баштаганда бул жерде алардын мунасага келиш зарылдыгы белгиленген.

70 миллион калкы бар Ирандын потенциалы деңиз сындуу чайпалып турат, деп билдирди Голамали Хаддат Адел.

- Бардык эле чоң деңиздердей ал деле толкундап турат, бирок да буркан-шаркан түшүп, үйөрлөнбөйт. Кээ бирөөлөр бу деңиз буркан-шаркан түшүп, катуу чайпалышын каалайт. Анын бир мисалы катары биздин тынч максатта колдонулчу өзөк программаны жаманатты кылуунун күчөшүн айтсак жарашат.

Бир жылдан бери Кыргызстан алыс-жуук мусулман өлкөлөрү менен алака-катышын жакшыртуу аракетине киришти. Парламенттин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков экономикалык мамилелер ар тараптуу болушу керек деген пикирде.

Иран Межлисинин расмий делегация жетекчисин 14-сентябрда Кыргызстандын президенти менен өкмөт башчысы кабыл алат.

XS
SM
MD
LG