Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:48

LAT: “БОКЧОГО КАТЫЛГАН КРИЗИС”


Кыргызстанда тутанган азыркы саясий жаңжалга кайрылып, The Los Angeles Times гезити аны “бокчого катылган кризис” деп атаган. Ал эми Техастагы Stratfor аналитикалык борборунун комментариясында кыргыз жетекчилеринин арасындагы араздашуулар келечектеги керектүү реформаларды үзгүлтүккө учуратары белгиленет. Россиялык айрым баяндамачылар болсо соңку окуялардан демократиялык өнүгүүнүн белгилерин көрүшөт.

Кыргызстандагы окуяларга кайрылган макалалардын дээрлик баарында президент Бакиевди оппозиция эмес, өз иниси осол абалга койгону, ушундай урук-туугандары турганда ага обурлуу саясий кусаматчылардын деле кереги жок сыяктанат дегендей ойлор айтылат. Атап айтканда, парламенттин мурдагы спикери, оппозициялык ишмер Текебаевдин авиабокчосуна маңзат сымактанган мандемдүү улпак сала коюшуп, кутумчулар аны жаманаты кылууну көздөшкөнүн, иш жүзүндө болсо анын саясий зоболосу көтөрүлүп, президенттин, жалпы өлкөнүн аброю түшкөнүн россиялык “Независимая газета” белгиледи.

The Los Angeles Times жергиликтүү байкоочулардын бирине шилтеме жасап, эгер ушул азыр шайлоо өткөрүлсө, Текебаев президенттик мандатты утуп алышы ажеп эмес эле деп көрсөтөт. Бирок басылма депутаттар азыр Бакиевдин бийликтен кетишин талап кылып жатканына токтолуп, Кыргызстандын саясий системасында президентти жоопкерчиликке тартып, кызматтан алганга парламент үчүн дээрлик мүмкүндүк жоктугун да эске салат. Газета бу жаңжалда премьер Куловдун таасири күч алышы мүмкүн экенин белгилейт. “Оппозициянын лидерлери аны кызматтан бошонум алганга көндүргөнгө аракет кылышты, бирок Кулов бу сунуштан баш тартты”, - деп жазат газета. Ушундан улам айрым баяндамачылар парламент Бакиев-Кулов тандеминин отставкасын талап кылып жатып, алардын солгун союзун бекемдеп коюшу ыктымал деп да болжолдошот.

Техаста жайгашкан Stratfor аналитикалык борбору азыркы саясий жаңжал Кыргызстандын чабал өкмөтүн кулатканга алып келерине ишенбейт. Президент Бакиев менен премьер Куловдун фракциялары бирин-бири бийликтен оодара албайт, андыктан экөө тең азыркы өкмөттү көп өмгөктөп жүргөн парламент менен күрөшкөнгө аргасыз болот, деп айтылат аталган борбордун макаласында.

Россиялык “Коммерсант” гезитинин комментатору Сергей Строкань бул жаңжалдан кантсе да Кыргызстанда чыныгы демократия чыңдалып баратканын көрөт. “Бир жагынан өлкөдө мурдагыдай эле саясат жүргүзгүсү келген таасирдүү күчтөр бар. Экинчи жактан, андай күчтөр эми албардан тая баштады,алардын ыкмалары өтпөй калды”,- деп жазат журналист.

Окуялар мындан ары кандай оролго түшөрүн эч ким озунуп айта албайт, деп жазат “Коммерсант”. Канткен күндө да Бакиев бийликти жөн эле бере салбайт. Бирок оппозиция маалымат жана башка ресурстарга ээ болсо, президентти катуу кысмактап, кыйын абалга коюшу мүмкүн. Бакиев абалдан чыгуу үчүн оппозиция талап кылган конституциялык реформаларды ыкчамдатып, парламенттин бийлигин күчөткөнгө макул болушу мүмкүн. А кокус эмдиги жылы мөөнөтсүз шайлоо өткөрүлүп калса, анда Бакиевдин президентикке кайра шайланышы бир топ эле арсар болуп калды, деп эсептейт “Коммерсант”.

Stratfor аналитикалык борборунун божомолунда болсо бул жаңжал өлкөдө өнөкөт илдетке айланган коррупцияга жана жакырлыкка кошул-ташыл болуп, стихиялуу митингдерди чыгарышы мүмкүн. Акыркы маалыматтарга караганда, президентчил күчтөр контрчабуулга камданып жаткандай. Айрым партиялар оппозициялык маанайдагы “Реформалар үчүн” кыймылын кырдаалды жасалма түрдө оорлотуп жатканы үчүн айыпташса, айрым жерлерде парламентти таркатуу чакырыгы кайра чыга баштады.

XS
SM
MD
LG