Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

БИРИКПЕГЕНДЕРДИН КЫЙМЫЛЫНЫН КУБАДАГЫ КУРУЛТАЙЫ


Эч бир блокко кирбегендердин кыймылы ушул аптада Кубада курултай өткөрүп жатат. Батышта көпчүлүк аны турмуштан артта калган уюм деп эсептеген менен, бул кыймылдын катары айрыкча Кошмо Штаттарына өчөгүшкөн өлкөлөрдүн эсебинен улам өсүп баратат. Гаванадагы курултайга Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад менен Венесуэланын президенти Хуго Чавес катышууда.

Эч блокко кирбегендердин кыймылы куралсыз согуштун мезгилинде Батыш менен Советтик блоктун бирөөнө да кошулгусу келбеген өлкөлөрдүн эсебинен түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрүнүн арасында Азия менен Африкадагы оторчулукка каршы күрөштүн жол башчылары болгон. Мына эми Кубадагы курултай бул кыймыл дале тирүү экендигин айгинелөөдө. Иш жүзүндө 116 өлкө менен уюмдун мүчөлөрү бүгүн куралсыз согуш мезгилиндегиден да ашып түшкөн.

Бирок жыйында айтылган сөздөрдүн курчтугу мурдагысындай эле калган шекилдүү. Конок ээси Кубанын тышкы иштер министри Фелипе Перез Рок мисалы 11-сентябрда Гаванадагы ачылыш аземинде чогулгандарга мына бул сөздөр менен кайрылды:

Биз Ливандагы бир туугандарыбызга каршы кандуу баскынчылыктан кийин жолугуп отурабыз. Жана биз палестин эли күндө башынан өткөрүп жаткан геноцидди көрүп турабыз. Ирандын тынчтык максаттагы ядролук программасын улантуу укугуна кысым улам күч алып, жана башка бирикпеген өлкөлөр алдын-алуучу согуштун жана баскынчылыктын коркунучу астында калган тапта жыйналып отурабыз.

Ошентип, бирикпегендердин кыймылы бүгүн Жакынкы Чыгыштагы кризиске жана Ирандын Батыш менен ядролук тирешүүсүнө басым жасап, Кошмо Штаттары менен анын шериктерин жана алардын террорго каршы согушун бутага алууда.

Айрыкча Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад жана Сириянын мамлекет башчысы Башар ал-Ассад жана айрыкча Венесуэланын президенти Хуго Чавес сыяктуу Вашингтондун башкы атаандаштары өз угармандарын тапты.

Кирк Бауман АКШдагы Жоржия Технология институтунда Латын Америкасы боюнча адис. Анын айтымында, Чавез Латын Америкасындагы солчулдардын кыймылын күч алдырып, дүйнөнүн башка жактарында да, ошол эле Иранда, сөз жүзүндө болсо да, өз таасирин бекемдөөнү максат кылат, жана Гавана сыяктуу Кошмо Штаттары менен өчөгүшкөндөр чогулган жер ал үчүн башкы сахна болуп саналат.

Бирок, Бауман бул жыйындан кандайдыр бир майнап болооруна көзү жетпейт, анткени Бирикпегендердин кыймылынын максаттарында терс көз караштары басымдуулук кылат, ошол эле убакта анын мүчөлөрү арасында АКШга каршы убактылуу нааразылыкты кошпогондо, жалпылыктар аз.

Бул көз караштан айырмаланып, зимбабвелик Доналд Чиманикире Бирикпеген өлкөлөрдүн ортосунда жалпылыктар бар, анын ичинде экономикалык кызыкчылыктар үстөмдүк кылат дп эсептейт. Зимбабве университетинде Өнүктүрүүнү изилдөө институтун жетектеген бул профессор биздин радиого билдиргендей, акыркы беш жылда Кошмо Штаттары жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөр үчүн күндүн башкы маселеси террорго каршы күрөш болуп келди, бул өз кезегинде Үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүшүнө байланышкан маселелердин четте калышына түрткү болууда.

Анын айтымында, Батыштын эл аралык корпорациялардын жана өзүнүн дыйкандарынын кызыкчылыгын алдыга койгон акыйкатсыз соода эрежелерине басым жасашы өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн кыжырына тийет, алар өз базарларын ачып берүүгө тийиш, бирок Европа менен Америка компромисстик кадамдарга оңой менен барышпайт.

Ошондуктан, өнүгүп келаткан өлкөлөр Бирикпегендердин кыймылы сыяктуу форумдарды пайдаланып, өздөрүнүн орток кызыкчылыктарын коргоого мажбур.

XS
SM
MD
LG