Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

ТҮШТҮК ОСЕТИЯ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК БОЮНЧА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮГӨ ДАЯРДАНЫП ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Молдованын курамындагы өзүн өзү жарыялаган Днестр жумурияты жана Грузиянын ичиндеги ошондой эле макамга ээ Түштүк Осетиянын жетекчилери жакында - бул эки жумурияттын эли арасында эгемендүүлүк тууралуу референдум өткөрүлө турганын билдиришти.

11-сентябрда Түштүк Осетияга келип, эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган жумурияттын президенти Эдуард Кокойты менен жолугуп кеткен Европа парламентинин өкүлүчүлүгүнүн мүчөсү, франциялык саясатчы Анне Ислер Бегуиндин пикиринде, андай референдум кошуна Орусиянын таасири алдында өткөрүлүп жаткандай:

"Кокойты билдиргенге караганда, 12-ноябрда ал референдум өткөрөт. Бирок мен сурайт элем - ал эмне деген референдум? Калктын 80 пайызынын колунда орусиялык паспорттор болсо - ал Түштүк Осетия калкы арасында өткөрүлгөн референдумбу же алардын келечегин чечип жаткан орус эли ичинде өткөрүлгөн референдумбу? - дейт франциялык саясатчы.

Маселеге болгон Маскөөнүн мамилеси болсо башка. 9-сентябрда орус президенти Владимир Путин Валдай клубунун жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, маселеге токтолду жана аны Косоводогу абал менен салыштырды. Анын айтымында, Косоводо референдум өткөрүп, аны Сербиядан көз каранды эмес жумурият кылуу боюнча Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде атайын резолюция талкууланганда, Маскөө ага вето салышы мүмкүн.

Путиндин пикиринде, эгер Сербиянын курамындагы Косово эгемендүүлүккө жетсе, анда ошондой эле укукка Грузиянын курамындагы Түштүк Осетия жана Абхазия, же Молдовага кирген Днестр жумурияты да ээ болууга тийиш.

Бирок Маскөөнүн андай саясатына каршы чыккандар - эгер бул автономиялардын Грузия жана Молдовадан бөлүнүшүн Масккөө колдосо, анда Орусиянын өзүнүн курамындагы Чеченстанга дагы ошондой укук берилүүгө тийиш деп айтууда жана дал ошол себептен Путин Бириккен Улуттардын Косово боюнча чечимине каршы чыгып жатат деген пикирде.

Абхазия жана Түштүк Осетиянын калкы орус паспортторуна ээ болуп калганы дагы маселени татаалдантууда. СССР чачырагандан кийин алар Грузиядан бөлүнөбүз дегендиктен, Грузиянын жаңы паспортторунан баш тарткан жана эски советтик паспорттор менен калган. Орусия болсо алардын советтик паспортторун эмгиче орус паспортторуна алмаштырып жатат. Анне Бегуиндин пикиринде, аны түшүнүү кыйын:

"Европа парламенти - эмне үчүн Абхазия же Түштүк Осетиянын калкы орус паспортторун алып жатат деп сураганда, бизге эч жооп беришпейт. Ошондуктан биз бул маселени - Европа Биримдиги менен Орусия ортосунда өтө турган сүйлөшүүдө да козгойбуз", - дейт франциялык саясатчы.

XS
SM
MD
LG