Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:38

РОССИЯ БАКАНДАЙ БАНКИР ЖОГОТТУ


Россияда Борбордук банктын төрага орунбасары кылмышкерлердин огунан каза тапты. Андрей Козлов кечээ кечинде стадиондон чыгып келаткан жерде ок жеп, оор жарадар болгон эле. Бейшемби күнү ал ооруканада көз жумду. Орус саясатчылары банкирдин өлүмүн анын кызмат ишине байланыштырып жатышат.

Бул ишти иликтөөнү Россиянын башкы прокуратурасы өзүнө алды.Тергөөчүлөр түкшөмөлдөрдүн түгөл баарын таптиштеп чыкканга киришти. Башбанкирдин орунбасарын кылмышкерлер, мүмкүн, жаңылып атып алышкандыр, балким, башка да себептер бар чыгар – мунун баары, прокуратуранын өкүлдөрү ырасташкандай, такталып, айкындалат. Азырынча көпчүлүгү Андрей Козловдун өлүмүн анын кызматы менен байланыштырып жатышат. Борбордук банкта ал оор тармакты – көзөмөл ишин жетектеген. Быйыл эле мандеми байкалган 44 банк лицензиядан ажыратылган. Алардын көбү алык-салыктардагы аксымдыктар жана арам акчаны адалдоо менен байланышкан. Борбордук банктын бул саясатын Козлов изден тайбастан, тайманбай жүргүзгөн, ушунусу менен коомчулукта,айрыкча финансы чөйрөсүндө чоң кадыр-барк тапкан. Ага ичтен кекенгендер көп болгону анык, бирок ал ким бирөөлөр коркутуп-үркүткөнү тууралуу дегеле кеп кылган эмес дешет.

Мамлекеттик думанын спикери Борис Грызловдун айтымында, Козловдун көзүн тазалаганга көрсөтмө бергендерди банк системасынан издөө зарыл. Россиялык саясатчылардын, финансисттер менен банкирлердин көбү да ушул ойго кошулушат. Өкмөт башчысы Михаил Фрадков өлкө банк тармагындагы чоң адамын жоготконун белгиледи.

Козловду кылмышкерлер кечээ кечке жуук “Спартак” стадионунун чыга беришинде акмалап турушкан. Ага кошуп банкирдин айдоочусун атып кетишкен.

Россиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев бул ишке абдан дасыккан, тажрыйбалуу адистер тартылганын, окуянын бардык өңүттөрү,анын ичинде банкирдин кызматына байланыштуу жагдайлар да иликтенип жатканын кабарлады.

Башбанкир орунбасарынын өлүмү Россияда киши колдуу болгон саясий ишмерлер менен ырасмий өкүлдөрдүн узун тизмесин толуктады. Соңку он жылда алардын саны жыйырмага чамалап калды,алардын арасында парламенттин сегиз депутаты бар. Азырынча бир гана иш сотко жетип, бирок айыпкерлерди сот калыстары актап жиберди. Калган иштердин баары чала-чарпыт же дегеле ачылбаган бойдон калды.

XS
SM
MD
LG